Ошто өзгөчө абалда өткөрмө баракты жасалмалоо боюнча 27 иш ачылды

Ош шаары. Сүрөт: Хамидулло Узаков 

Ошто коменданттык саат учурунда 55 иш катталып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Алардын ичинен 27 иш «Документтерди жасалмалоо» беренеси менен ачылган. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

«“Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу” беренеси менен — 8, “Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин талаптарын бузуу” — 6, “Карантиндик чектөөлөрдү бузуу” жана “Чектөө чараларынын эрежелерин, карантиндин талаптарын бузуу” беренелери менен төрттөн факты катталган», — деди Аширбаев.

Мындан сырткары, Аширбаев «Майда бейбаштык» беренеси менен төрт жана «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук» беренеси менен эки факт катталганын кошумчалады.

Өзгөчө абал киргизилген учурда Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун коменданты болуп дайындалган Малик Нурдинов коронавирус менен ооруганын жашырып, башка жарандарга жугузган үч факт катталганын айтты. Анын интервьюсу ИИМдин сайтында жарыяланды.

«Мен үчүн ооруну жашыргандар, айрыкча чет өлкөдөн ооруну жугузуп келишип, анан аны жакындарына жугузуп, өлүм менен коштолгон учурлар, анан да ошол оорулуу каза болгондо аны көмүүгө барган адамдардын агымы оор маселе жаратты», — деди Нурдинов.

Ошондой эле, Нурдинов 609 адам коронавируска шектелип текшерүүгө алынганын, анын ичинен төрт адамдан аталган илдет табылганын белгилеген.

Коронавируска байланыштуу Ош шаарына 25-марттан тарта өзгөчө абал режими киргизилип, ал 10-майга чейин созулган. Бирок шаарда өзгөчө кырдаал жана карантин режими калтырылган.