Бишкек мэриясы: Көчөдө беткапсыз жүргөн жарандарга айыппул салынбайт

Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова жарандарга беткап тагынбай жүргөндүгү үчүн эч кандай штрафтар салынбасын айтты.

Кузнецова юридикалык жактарга гана айып пул салынат деп түшүндүрүп берди. Ал бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин 19-майдагы отурумунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

«Орун жайдын ичинде санитардык эрежелерди сактабай жаткан юридикалык жактар үчүн штраф бар. Эгер шаарда ачык мейкиндикте беткап тагынбоо тууралуу кеп болуп атса, анда андай штрафтар жок», — деп түшүндүрдү Кузнецова.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 11-майда өткөн брифингде беткап тагынбай жүргөндөрдүн баарына тең 1 миң сомдон 5 миң сомго чейинки штраф салынаарын билдриген болчу.

Бул билдирүүдөн кийин депуттаттар беткапсыз жүргөндөргө каралган айыппулдар боюнча өкмөт менен айтыша кетишкен. Депутат Дастан Бекешев ӨА режими алынгандан кийин жарандар үчүн киргизилген жаңы чектөөлөр боюнча өкмөттү сынга алган.

Анын айтымында, көптөгөн чектөөлөрдү шарттаган коронавирустун жагдайы жарандар үчүн өтө эле кымбатка турууда жана беткап жоктугу үчүн штраф да көтөрүлгүс сумма. Ал беткап сатып алуу кымбат, себеп дегенде аны дайыма алмаштырып туруу зарылдыгы бар экенин айткан.

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт «жарандардын ден соолугуна кам көрүп» жаткандан улам ушундай чараларды киргизген деп билдирген.

Коронавирус пандемиясынан улам бийлик жарандардан беткап тагынып жүрүүнү талап кылууда. Бирок, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүсүнө караганда, беткапты ооругандар гана тагынып жүрүшү керек, ал эми ачык мейкиндикте беткап тагынып жүрүү милдеттүү эмес. Мындан тышкары, эгер адам бир жолу колдонулуучу беткап колдонуп жүрсө, анда ал беткапты бир күндө үч жолу алмаштырышы керек.

19-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 1 243 учуру катталды, 898 бейтап ооруканадан айыгып чыгарылды. Стационарларда дарыланууда 331 адам бар, алардын ичинен 5 бейтап реанимацияда.