Обсервациядагы жарандардын үй карантинине коё берилишине эмне себеп болду?

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 19-майда өткөн брифингде Орусиянын Оренбург облусундагы Соль-Илецк шаарынан келген 400дөн ашуун кыргызстандык эмне үчүн үй карантинине чыгарылганын айтып берди. Алар АКШнын мурдагы «Ганси» авиабазасында обсервацияда жатышкан жана 18-майда обсервацияда шарт начар болгонунан улам козголоң чыгарышкан. Соль-Илецктен Кыргызстанга жалпысынан 541 адам келген.

Үсөнбаевдин айтымында, кыргызстандыктар обсервациядан Саламаттык сактоо министрлигинин бекитилген алгоритми боюнча чыгарылды, алардын чыгарылышына нааразычылыктары себеп болгон эмес.

«Суроо биз ал жарандарыбызды бунттун айынан үй карантинине коё берип салгандай коюлуп жатат. Иш-чара алгоритмдин алкагында жүргүзүлдү. Адамдардын чыдамсыздык көрсөтүшкөнү, ал башка маселе. [...] Алар чыдамсыздык кылышабы же козголоң чыгарышабы, маселе андан көз каранды эмес. Биз өз чараларыбызды жана алгоритмдерибизди аткара беребиз. Биз обсервациялык тартиптин сакталышын талап кылабыз. Эч кандай жеңилдиктерге жол берилбейт», — деп билдирди ал.

Ал пандемия башталгандан бери чет өлкөдөн кайтып келген 30 миң кыргызстандык обсервация болуп чыкканын жана алардын бардыгы үй карантинге жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

421 кыргызстандыктын үй карантинине коё берилише алардын COVID-19 карата кайталап тапшырган анализдери терс болуп чыкканы дагы бир себеп болду.

«Аларды үй карантинин обсеврациясына чыгарса болот деген чечим кабыл алынган. Бул алгоритм жана республикалык штабдын чечими боюнча аткарылды», — деди Үсөнбаев.

Үсөнбаев коё берилгендердин бардыгы тартип боюнча аймактарга жеткирилип жатканын айтты.

«Анкеталар боюнча бардык маалыматтар саламаттык сактоонун жергиликтүү мекемелерине жөнөтүлөт, аларга медициналык байкоо бекитилет. Маалымат ИИМдин системасына берилген, биз аларды көзөмөлдөп турабыз», — деп кошумчалады ал.

Жуктургандар менен тыгыз байланышта болгон 19 жаран обсервацияда кароодо калды.

Үсөнбаев 104 адамдын анализи оң жыйынтык көрсөтүп, алардын ичинен 56 адам дарыланып стационардан чыгууга камданып атышканын, ал эми башкалары ооруканаларда дарыланып жатканын кошумчалады.

«Бүгүнкү күндө биз инфекция жуктургандардын баарын аныктадык, ошого ылайык биз калгандарын вирус жугузуп алуудан коопсуздандырдык», — деди ал.

Обсервациядагы нааразылык

Чет өлкөдөн келген кыргызстандыктар үчүн мурдагы «Ганси» авиабазасында уюштурулган обсервацияда 40 жакын адам козголоң салып, аларды үйлөрүнө коё берүүнү талап кылышкан.

Күбөлөрдүн тарткан видеосунан кыргызстандыктар окуяны териштирүүгө келген саламаттык сактоонун өкүлдөрүнө обсервацияда кармоонун начар шарттарына даттанып жатышканын көрүүгө болот.

Бийлик май айынын башында Соль-Илецктен чыга албай калган 500дөн ашуун жаранын мекенине алып келген. Учурда ал жакта саны ушундай эле жарандар калууда. Жергиликтүү бийлик алар көчөдө түн өткөрбөсүн деп чатырларды коюп берген.

18-майда кыргыз бийлиги бул адамдар үчүн рейс уюштурганын билдирип, алар да жакында мекенине алынып келинээрин кабарлашкан.

Кыргызстандыктар Соль-Илецкке Орусиянын бардык булуң-бурчунан келе башташкан, анткени Казакстан чек ара аркылуу Кыргызстанга өтүш үчүн транспорттук коридор ачып берет деген маалымат пайда болгон.