Видео: Москвада кыргызстандыктар уюштурулган каттам менен жаштар учуп кеткенине нааразы болушту

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: TASS агенттиги

Москва шаарындагы кыргызстандыктар 18-майда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигин алдына кайрадан топтолушту. Алар уюшулган чартердик каттам менен учкан айрым жүргүнчүлөр «тизмеге туура эмес кошулуп калган» деген пикирде.

Мигранттар элчилик уюшулган каттамда кош бойлуулар, оорулуулар жана кары-картаңдар биринчи кезекте кетерин кабарлаганы менен, Кыргызстанга жаш улан-кыздар учуп кеткенин айтып нааразы болушууда.

«Бортто тартылган видеону көрдүк, ал жерде эч кандай кары-картаң киши жок. Жалаң эле жаштар отурат. Үч эле аялды көрдүк. Ушинтип алдашты. Мен элчиликке барайынбы десем, “келип кыйналбаңыз, сизди кошобуз” деп алдашты. Мына самолёттон калдым», — деди элчиликтин алдында чогулгандардын бири.

Ал эми Москвадагы кыргыз мигранты Алтын Зулпиев кош бойлуу келинчегин тизмеге кошо албай убара болууда. «Элчиликтин бүгүнкү эшиги да дайымкыдай ачылбай жатат. Төрт жүздөй эл эшиктин алдында турабыз. Эмне үчүн тизмеге карап алып кетишкен жок? Тизмени карап да койбой жатышат», — деди ал.

Учакка түшө албай калгандар менен жолуккан элчи Аликбек Жекшенкулов кийинки каттам менен кош бойлуу жана эмчектеги балдары барлар гана уча турганын айтты. Андан сырткары жумасына бир жолу каттам уюштуруу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалаган.

Ошондой эле айрым мигранттарды 400 орундуу учак толбой кеткени кыжырдантты. Кете турган жарандардын тизмесин түзгөн, жарандыктын коом комиссиясынын мүчөсү Азамат Адылгазиев «Азаттыкка» учак толбой учканын тастыктаган. Ал белгилегендей, учакка отургузуу маалында тизмеде жоктор да келип, ызы-чуу жаратышкан. Мындан улам тизмедеги 30 адам мекенине кайта алган эмес.

«Анча-мынча кыйынчылыктар, талаш-тартыштар болду. Саат түнкү 1де башталган учакка каттоо эртең мененки 9га чейин уланып, 400 адамдын баарын өткөрө албай калдык. Анткени тизмеге кирбегендер деле барып алып, кезекке туруп, кассага жеткенде «Эмнеге мен жокмун?» деп териштирип жатып, ушунча узарып кетти. Кээ бирөө балалуу келиндерди да кезектен өткөрбөй коюшту. Кээ бир жигиттер ооруканалардан алган кагаздарын көрсөтүп, кирип кетишти», — деп түшүндүргөн ал.

Ал эми элчиликтен макала чыгаар алдында бул боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок элчиликтин вотцап номерине жазганыбызда, алардан мекендештерге арналган автоматтык түрдөгү жооп келди.

«Урматтуу мекендештер, эгерде сиз авиа рейс боюнча сурагыңыз келсе, жакынкы арада рейс болот. Ал рейске 5 айдан 7 айга чейинки мөөнөттөгү кош бойлуу аялдар, балалуу аялдар гана кетет. Андан кийинки рейске оорулуу адамдар жана жашы улгайган жарандар кирет. Боюнда бар аялдардын тизмеси толуп калган, кайра-кайра чалып убара болбоңуз», — деп жазылган катта.

17-май күнү Орусия Кыргызстандагы жарандарын алып кетүү үчүн учак жиберген. Анда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Орусияда калып калган 379 кыргызстандык кошо кетишкен. Алардын ичинде 78 кош бойлуу келин, 116 оорулуу, 27 киши оорулууларды коштоочулар, 38 кары-картаңдар, 8 майып, 77 балалуу ата-энелер, ошондой эле, март айынан бери аэропорттордо калып кетип, элчилик уюштурган хостелдерде убактылуу жашап жаткан 35 жаран бар.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов «Азаттыкка» учакта кетүүчү кыргызстандыктардын тизмесин Орусиядагы кыргыз диаспорасы жана атайын штабдын мүчөлөрүнөн турган комиссия чечээрин айткан.