Аксыдагы маданият үйүнө акын Зайырбек Ажыматовдун ысымы ыйгарылат

Акын жана журналист Зайырбек Ажыматов

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айылынын Маданият үйү эми акын жана журналист маркум Зайырбек Ажыматовдун ысымы менен аталат. Бул тууралуу «Клоопко» Ак-Жол айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Келсинбек Оңолов билдирди. Анын айтымында, мындай чечим 19-майда айылдык кеңештин жыйынында кабыл алынды.

«Маданият үйүнө акындын ысымын ыйгаруу идеясын Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзу жана Эл аралык “Нур” чыгармачылык борбору сунуш кылышты. Андан кийин бул сунуш айылдык кеңештин сессиясында каралды», — деди Оңолов.

Ошондой эле Оңолов сессияда кабыл алынган токтом мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин маданият үйү «Зайырбек Ажыматов атындагы маданият үйү» деп расмий түрдө аталып кала тургандыгын кошумчалады.

Чыгаан акын Зайырбек Ажыматов үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде 44 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Анын сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. Акындын артында жубайы, эки уулу жана эки кызы калды. Ал 1976-жылы 27-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айылында туулган.

Мындан бир жыл мурун Ажыматов Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери наамына ээ болуп, «Жүрөктөгү бороон» жаңы ырлар жыйнагын чыгарган болчу. Маркум мындан сырткары «Жалгыздык», «Мелмил», «Нөлү көп жылдар» ырлар жыйнактарынын автору.

Ажыматов журналистикада эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштаган. Андан соң «Кыргыз Туусу», «Жаңы агым», «Бишкек Таймс» жана КТРКнын радиосунда иштеген. 2014-жылдан баштап Ажыматов «Азаттык» үналгысы менен кызматташып, маданий жана социалдык темаларда макала, баяндарды даярдап келген.

Журналисттин «Азаттыктагы» акыркы «Ким айтат эми ырыңды?» аттуу макаласы жакын досу төкмө акын Элмирбек Иманалиевге арналган. Андан көп өтпөй өзү да дүйнө менен кош айтышты.