Башкы прокурор: Атамбаевдин мыйзамды сыйлабагандыгынан «Альфанын» кызматкери каза болду

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен депутат Ирина Карамушкина 21-майда өткөн парламенттин отурумунда кайым айтыша кетти. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы аткаминерди «саясий буйрутманы» аткарып жатат деп айыптап, анын оставкасын талап кылды.

Башкы прокурор Жамшитов Атамбаевдин ишинде саясий буйрутма бар экенин төгүндөдү.

«Жакшы эле мыйзамды угуп, убагында келип койсо, ушунун баары болмок эмес. Мыйзамды укпай, сыйлабастан каалаганын кылам дегенинин кесепетинен “Альфанын” кызматкери каза болду», — деп жооп берди башкы прокурор.

Спецназ кызматкеринин өлүмү тууралуу иште айыпталуучу катары мурдагы президент Атамбаев өтүп жатат. Буга чейин Башкы прокуратура спецназдын кызматкери Үсөнбек Ниязбеков Атамбаевдин куралынын атылган октон каза болгонун билдирген эле.

Чындыгында курман болгон кызматкердин кесиптештери башканы айтышууда. Же алар Ниязбековдун өлтүрүлгөн учурун көрүшкөн эмес, же штурм учурунда Атамбаевдин резиденциясынын аймагындагы кыжырданган элдин арасынан бирөө кылганын көрүшкөн.

Ирина Карамушкинанын айтымында, аны жана Атамбаевдин башка тарапташтарын алар кылбаган кылмыштар боюнча айыптап жатышат. Жамшитов болсо тескерисинче — күнөөлөрдүн баары далилденген деп эсептейт.

Атамбаевдин резиденциясын штурмга алуу тууралуу иш боюнча 14 адам өтүп жатат.

Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын тарапташтары — депутаттар Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова, президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев, КСДПнын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Капарбек уулу Нооруз, Асангелди Какебаев, ошондой эле экс-депутаттар Мээрбек Мискенбаев менен Равшан Жээнбеков.

Жээнбеков мурдагы президенттин тарапташы эмес, бирок ал Атамбаев суракка чакырылып жаткан күндөрү анын резиденциясына барып турган. Атамбаевдин суракка келүүдөн баш тартканы — анын резиденциясын штурмга алуунун башкы расмий себеби болуп саналат.