Исхак Масалиев депутаттык мандатын тапшырып берүүнү чечти

Депутат Исхак Масалиев 21-майда парламенттин жыйынында мандатын тапшырып берүү чечимин кабыл алганын айтты.

«Себеби жөнөкөй — мамлекетте жаралган көйгөйлөр үчүн мен да жоопкерчилик тартам, себеби жогорку мыйзам чыгаруучу органда иштейм — парламентте. Демек, мен өкмөттү же силерди кайсы бир көйгөлөрдү чечүүгө көндүрө албадым», — деди саясатчы.

Ал мандатын туулган күнүндө тапшыраарын жана 25-майдан тарта депутаттык ишин токтоткусу келип атканын билдирди.

Депутат аны төрт жолу парламентке шайлаган шайлоочуларынын алдында кечирим сурады.

«Өзүмдүн шайлоочуларымдан кечирим сурагым келет, мен алардын үмүтүн актабашым мүмкүн», — деди ал. Масалиевдин айтымында, «ал мамлекетке бардык кызмат ордунан жардам берүүгө даяр», бирок депутат катары эмес.

Ал эки жыл мурда КСДПга отставкага кетүүнү сунуштаганын, бирок алар коалицияны кулатышканын эске салды. Ал өкмөттү антикризистик программанын жоктугу үчүн урушуп, парламенттин спикери Дастан Жумабековдун үстүнөн, Масалиев аны өкмөттүн адвокаты деп айтканы үчүн «капа болуп» жүрөт деп айтып күлүмсүрөдү.

Спикер коштошуп жатып депутатка ден соолук каалап, Орозо айында бардыгы бири-бирине кечиримдүү болушу керектигин айтты.

Башкы коомунист жана кол тийбестиктен ажыратуу

Исхак Масалиев узак жылдар бою парламенттин башкы коммунисти болуп жүрдү — ал өзү да комменисттер партиясына мүчө жана советтик партиялык ишмер Абсамат Масалиевдин уулу.

Ал парламентке төрт жолу депутат болуп шайланып, 2005-жылы финансы министринин орун басарлык кызматын аркалаган. Депутат болуп шайланганга чейин бажы кызматында иштеген, ал эми 2012-жылы салык кызматын жетектеп, ал жакта эки жыл эмгектенген.

Масалиев өзүнүн акыркы депутаттык мөөнөтүн парламентке «Өнүгүү — Прогресс» партиясы менен өтүп иштеп жыйынтыктады.

Масалиевдин акыркы резонанстуу демилгеринин бири бул мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алуу болгон. Бирок депутаттар бул демилге боюнча добуш берип, мурдагы өлкө башчысын кол тийбестиктен ажыраткандан кийин Масалиев өзү буга каршы добуш берген. Кол тийбестиктен ажыратууга каршы добушту болгону үч депутат берген.

Кийин Атамбаев кол тийбестиктен да, экс-президенттик макамдан да ажыратылган. Эми жападан-жалгыз экс-президент — бул Роза Отунбаева, калгандары мурдагылар деп эсептелинет.

Атамбаевге каршы кылмыш иштери козголуп, ал 2019-жылдын августунан бери ТИЗОдо болууда. Ага абдан олуттуу айыптар тагылган, анын ичинде адам өлтүрүү да бар. Саясатчы чоң мөөнөткө соттолушу же алтургай өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.