Атамбаевдин уулу: Атамдын абалы үй-бүлөсү менен жолугушууда дароо начарлап кетти

Сеид Атамбаев фейсбукта мурдагы президент жана атасы Алмазбек Атамбаевдин абалы дароо начарлап кеткенин билдирди.

«Ага Алмазбек Шаршеновичтин жакындарынын коронавируска тапшырган тесттеринин жыйынтыгы терс деген маалымдамалары бар болгонуна карабастан, жубайын жана балдарын кучактоого мүмкүнчүлүгү жок болгон айнек артындагы үчүнчү көрүшүү себеп болду», — деп жазган ал.

Сеид Атамбаев атасына таянуу менен «ага абдан чоң моралдык басым көрсөтүлүп атканын» жазган.

«Ал ден соолугуна даттангысы келбейт, бул анын принциптерине туура келбейт. Жээнбеков, Опумбаев башында турган бийлик муну түшүнгөнү менен Атамбаевден өмүрүндөгү эң маанилүү нерсени тартып алып жатышат — үй-бүлөсү менен өткөргөн баалуу мүнөттөрүн», — деп жазган саясатчынын уулу.

Мурдагы президенттин туугандары буга чейин да УКМК аларга Атамбаев менен көрүшүүгө уруксат бербей жатат деп бир нече жолу арызданышкан.

УКМК мурдагы президенттин ден соолугу канааттандыраарлык экенин, ал күндүр-түндүр врачтардын кароосунда болуп атканын билдирди.

Бул Атамбаевдин өзүн начар сезип аткандыгы айтылган биринчи жолку эле билдирүү эмес. Ал кан басымына даттанып Кой-Таш окуясы боюнча эки сот отурумуна катышпай калган.

Кой-Таш окуясы же Атамбаевдин үйүн штурмга алуу

Бийлик Атамбаевди анын Чүй облусундагы Кой-Таш айылындагы үйүн эки күн бою штурмга алып жатып, 8-августта кармашкан. Ал окуяда бир спецназ кызматкери каза таап, жүзгө жакын адам жабыркаган.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча суракка үч жолу келбей койгондон кийин күч түзүмдөрү анын үйүн штурмга алууга барышкан. Бул иш боюнча Атамбаев күбө катары сурак бермек, бирок кармалгандан кийин анын статусу өзгөрүп, ал шектүү адам болуп калган.

Штурмдун алгачкы күнү, 7-августта, Атамбаевдин тарапкерлери ал жакта атайын операция жүргүзүп аткан УКМКнын алты кызматкерин туткунга алышкан.

Атамбаев камалгандан кийин бийлик «Массалык башаламандыкты уютуруу», «Адамдарды барымтага алуу», «Адам өлтүрүү» жана «Адам өмүрүнө кол салуу» беренелери боюнча кылмыш иштерин козгогон. Мурдагы президент бул иштер боюнча айыпталуучу катары өтүп жатат.