Аялы COVID-19га чалдыккандардын маалыматтарын тараткан милиционерге сөгүш жарыяланды

COVID-19га чалдыккандардын жеке маалыматтарын тараткан аялдын милиционер күйөөсүнө сөгүш жарыяланды. Бул туурауу Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков маалымдады.

«[Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча] бөлүмдүн начальнигине кызматтык милдеттерин аткарууга шалаакылык мамиле жасаганы үчүн сөгүш жарыяланды. Иш жабылды», — деди Сыдыков «Клоопко» курган маегинде.

Ош ШИИБинин 10-бөлүмүндө иштеген кызматкердин жубайы коронавируска чалдыккандардын жеке маалыматтарын соцтармактарда жайылтууга шектелип жаткан.

Маалыматка ылайык, 10-бөлүмдүн кызматкерине коронавируска чалдыккан бейтаптар менен байланышта болгон жарандарды аныктоо үчүн оорулуулардын тизмеси берилген. Мыйзамга ылайык, бул маалыматтарды кызмат маалында гана пайдалануу керек.

Бирок укук коргоо органынын кызматкери жашыруун маалыматтарды камтыган тизмени жубайына көрсөткөн. Кийинчерээк анын аялы бул маалыматтарды социалдык тармактар аркылуу таратып баштаган.

22-майга карата Ош шаарында коронавирус инфекциясын жуктуруунун 132 учуру катталган. Кыргызстан боюнча жалпысынан 1350 учур катталып, алардын 949 айыгып чыккан. Өлкө боюнча ушул убакытка чейин COVID-19у бар 14 адам каза тапкан.