Ошто милиционердин аялы коронавируска чалдыккандардын маалыматтарын таратууга шектелүүдө

Иллюстративдик сүрөт

Ош ШИИБинин 10-бөлүмүнүн кызматкеринин аялы социалдык тармактарда коронавирусту жуктуруп алган жарандардын жеке маалыматтарын таратып жиберүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

*Милициянын 10 бөлүмү — экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы

«Учурда бул факт катталып, Ош ШИИБинин тергөө кызматы териштирүү жүргүзүп жатат», — деди Сыдыков.

Маалыматка ылайык, 10-бөлүмдүн кызматкерине коронавируска чалдыккан бейтаптар менен байланышта болгон жарандарды аныктоо үчүн оорулуулардын тизмеси берилген. Мыйзамга ылайык, бул маалыматтарды кызмат маалында гана пайдалануу керек.

Бирок укук коргоо органдарынын кызматкери жашыруун маалыматтарды камтыган тизмени жубайына көрсөткөн. Кийинчерээк анын аялы бул маалыматтарды социалдык тармактар аркылуу таратып баштаган.

Бул иш КЖБРда «Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренеси менен катталды. Эгерде шектүүнүн күнөөсү далилденсе ага карата 2,5 жылга чейин түзөтүү иштери же 280ден 360 саатка чейин коомдук иштер чарасы колдонулушу мүмкүн. Ошондой эле бул беренени бузгандар 180 миңден 220 миңге чейин айыппул төлөп калышы мүмкүн.