Кыргызстанда коронавируска дагы 15 адам чалдыкты — жалпы 1365

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 23-майга карата өлкөдө коронавирустун жаңы 15 учуру катталганын кабарлашты. Алардын Бишкек шаарында он эки — тогузу Санкт-Петербургдан келген жаран , Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында бирден адам аталган илдетке чалдыкты.

Ушуну менен Кыргызстанга коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1365 адамга жетти — 273ү медкызматкер. Алардын ичинен он бейтап каза таап 957 киши айыгып ооруканадан чыгарылды.

Бишкек шаарында коронавирус кескин жайылып, бүгүнкү күндө борбор илдетти жуктургандардын саны боюнча өлкөдө биринчи орунда турат — 378. Ош облусунда — 204, Ош шаарында — 132, Жалал-Абад облусунда — 156, Нарын облусунда — 242, Чүй облусунда — 206, Баткен облусунда — 28, Ысык-Көл облусунда 14 адам илдетке чалдыкты.

Кыргызстан боюнча ооруканаларда 394 адам дарыланууда — төрт бейтап жандандыруу бөлүмүндө.

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны — 6 632. Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 090 адам жатат. Акыркы сутка ичинде 2 245 изилдөө жүргүзүлдү.