Кыргызстанда COVID-19 дагы 38 адамдан аныкталды — жалпы 1403 учур

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: 24 kg

Республикалык штабдан Кыргызстанда 24-майга карата коронавирустун жаңы 38 учуру катталганын маалымдашды. Алардын ичинен Чүй облусунда үч — Орусиянын Соль-Илецк шаарынан келген жаран, Бишкек шаарында алты — бирөө Санкт-Петербургдан кайткан кыргызстандык, Нарын облусунда 25, Ош облусунда эки, Жалал-Абад жана Баткен облусунда бирден адамдан илдет аныкталды.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1403кө жетти. Коронавирус жуктурган 14 жаран каза болду, 980 бейтап айыгып үйлөрүнө чыгарылган.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 385. Чүй облусунда коронавирус 216 адамда табылды. Ош облусунда – 206, Ош шаарында – 132, Жалал-Абад облусунда – 157, Баткен облусунда – 26, Нарын облусунда – 267, Ыссык-Көл облусунда – 14 учур катталды.

Ооруканаларда 409 адам калууда. Алардын ичинен он бир адам оор абалда — төртөө жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча обсервацияларда 1901 адам жатат. Бир сутка ичинде 2234 изилдөө жүргүзүлдү.