Кыргызстанда коронавирустан дагы 12 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штабдан өткөн суткада коронавирус жуктурган дагы 12 бейтап айыкканын кабарлашты — алардын ичинде бир медкызматкер бар. Айыккандардын алтоосу Бишкек шаарында, үчөө Ош облусунда, экөө Нарын облусунда жана бир бейтап Жалал-Абад облусунда дарыланышкан.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп айыккан бейтаптардын саны 992 жетти — алардын арасында 231 медкызматкер бар.

Кыргызстанда 25-майга карата коронавирустун жалпы 1433 учуру катталды. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 425 адам жатат — алардын төртөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.