Садыр Жапаровдун эл аралык издөөгө алынган эжеси Польшадан кармалды

Сүрөт: Азаттык

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган Райкүл Жапарова 22-майда Польшадан кармалганын билдирди. Учурда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Жапарованы Кыргызстанга экстрадициялоо маселелерин карап жатат.

Райкүл Жапарова Бишкек шаарынын Октябрь райондук жана Бишкек шаардык соту тарабынан 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде сыртынан соттолгон.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу», «Алдамчылык» жана «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен күнөлүү деп табылып, мал-мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми издөөгө үстүбүздөгү жылдын февраль айында жарыяланган.

Райкүл Жапарова учурунда «Ысык-Көл» банкынын төрайымы болгон. Банктын мурдагы төрагасы Болот Байкожоев банк рейдерлик жол менен тартып алынганы тууралуу арыз менен башкы прокуратурага кайрылган.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, банкты мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев тартып алган. Жапарова банктын төрайымы катары Бакиев рейдерлик жол менен басып алгандан кийин аркалай баштаган.

2010-жылдагы төңкөрүштөн соң Бакиевдер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана рейдерлик басып алуу тууралуу Башкы прокуратурага кабарланып, кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Райкүл Жапарова абакта жаткан экс-депутат жана оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаровдун бир тууганы.