Саламаттык сактоо министри эмне үчүн Чолпонбаевдин тажыясына барганын айтып берди

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Kaktus.Media басылмасына Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаевдин тажыясына барганын айтып берди.

Чолпонбаев 24-майда коронавирус инфекциясы өөрчүткөн оорулардан кайтыш болгон. Саламаттык сактоонун буйругуна ылайык, COVID-19 аныкталып каза болгон адамдардын зыйнатына жакын туугандары, дин өкүлдөрү жана медиктер гана катыша алат.

Абдикаримовдун айтымында, экс-спикердин зыйнатында бардык эрежелер жана аралык сакталган.

«Биз тыюу салып коё албайбыз да. Адамдарды акыркы сапарга узатышат. Бул адамгерчилик да. Тууган болушу мүмкүн, жумуш боюнча болушу мүмкүн. Мен — өкмөттүн мүчөсүмүн. Ал биздин кесиптеш, ошондуктан бардым атайын, акыркы сапарга узаттым. Аны көптөн бери тааныйм, чогуу иштегенбиз, ошондуктан барбай коё алмак эмесмин. Бардык эрежел сакталды, аралыкты кармаш үчүн», — деп айтып берген Абдикаримов.

Кыргыз саясий ишмери Мукар Чолпонпонбаев менен коштошуу зыйнаты 25-майда Бишкекте өттү.

Өзгөчө кырдаал режимине, массалык чогулууларга тыюу салынганына, ошондой эле Чолпонбаевде COVID-19 аныкталганына карабастан, аны менен коштошуу зыйнатына маркумдун жакын туугандары, достору жана кесиптештери келген.

Жогорку Кеңештин экс-спикери менен коштошууга баргандардын арасында парламенттин спикери Дастан Жумабеков, президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев болгон.

Парламенттин мурдагы төрагасы коронавирус жуктуруп кайтыш болду деп катталган 15-кыргызстандык болду. Ал ооруканага 5-майда жаткырылган болчу.

Чолпонбаев Советтер Союзу учурунда эле юридикалык билимге ээ болуп, эмгек карьерасын прокуратуранын тергөөчүсү болуп баштаган.

Андан кийин депутат болуп шайланып, бирок бир нече убактан кийин президенттик аппараттын мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эриш-аркак иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалган.

Кийинчерээк Чолпонбаев эки жыл бою Юстиция министрлигин жетектеген. Андан соң ал кайрадан парламенттин депутаты болуп, Жогорку Кеңештин төрагасы болуп да эмгектенүүгө үлгүргөн.

Мамлекеттик кызматкердин карьерасын аяктагандан кийин маркум Арабаев атындагы университетте окутуучу болуп иштеп, мындан тышкары, тажрыйбачы да юрист болгон.