Кыргызстанда дагы 27 медкыматкерден коронавирус аныкталды

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Акыркы сутка ичинде дагы 27 медкызматкерде коронавирус аныкталды. Бул тууралу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-майдагы брифингде билдирди. Медиктердин арасындагы коронавирустун жаңы эң көп учуру Ош шаарында катталды — 15. Нарын облусунан жети жана Бишкек шаарынан беш медкызматкерден коронавирус аныкталды.

Ушуну менен Covid-19 жуктурган медиктердин саны 326га жетип, анын 247си өпкө илдетинен айыкты. Бир медицина кызматкери — Бишкектеги №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева оорудан каза болду. Анын үй-бүлөсүнө өкмөт 1 млн сом кун төлөп берди.

Иш убагында коронавирусту жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт — каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө компенсациянын өлчөмү 1 млн сомду түзөт. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.

Мындан тышкары, коронавируска чалдыккан адамдарды дарылаган врачтарга 29 миңден 49 миңге чейин кошумча акы төлөнүп берилээри айтылган.

Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1594кө жетти — жаңы 74 учур катталды. Алардын ичинен он алтысы каза болуп, 1066 адам илдеттен айыкты.