Өлкөдө коронавирустан дагы 23 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Республикалык штабдан өткөн суткада коронавирус жуктурган дагы 23 бейтап айыкканын кабарлашты — алардын ичинде төрт медкызматкер бар. Айыккандардын эң көбү Нарын облусунда катталды — 12. Ал эми Бишкек шаарынан тогуз, Ош шаарынан жана Жалал-Абад облусунан бирден бейтаптын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөтүп, үйлөрүнө чыгарылды.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп айыккан бейтаптардын саны 1066га жетти — алардын арасында 247 медкызматкер бар.

Кыргызстанда 28-майга карата коронавирустун жаңы 74 учур катталды — жалпы 1594 учур. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 512 адам жатат — алардын алтоосу оорукананын жандандыруу бөлүмүндө. Covid-19 жуктурган 16 адам каза болду.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.