Оштогу төрөтканада обсервацияда жаткан аялдар үйлөрүнө коё берүүнү талап кылышты

Ош шаардык төрөткана. Сүрөт: «Т-Медиа» басылмасы

Ош шаардык төрөтканасында обсервацияда жаткан аялдар аларды үйлөрүнө чыгарбай жатышканына нараазы болушуп, 28-майда аларды ооруканадан чыгарууну талап кылышты. Окуя тууралуу «Т-Медиа» басылмасы жеринен видео жарыялады.

Тасмада төрөткананын дарбазасынын алдына топтолуп, аларды коё берүүнү талап кылып жаткан он чакты аялды жана аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө аракет кылган милиция кызматкерин көрүүгө болот.

Аялдардын бири басылманын журналисттерине төрөтканада 21 күн жатып, экинчи жолу тапшырган анализдеринин жыйынтыктары таза чыкса да аларды үйлөрүнө коё бербей жатышканын айткан.

«Оорукананын шартына чыдап жаттык. Мыйзамга баш ийдик, айткандарын аткардык. Мына бүгүн дагы биздин анализдерибиз таза чыкты. Бизге жооп берип үй карантинине чыгарышса дарыгерлерге караганда өзүбүздүн ден соолугубузга өзүбүз жакшы карайбыз. Биздин ымыркайларга оору жугуп калса ким жооп берет?», — деген ал

Ал эми шаардык мэриянын басма сөз кызматы Азамат Абсатаров «Клоопко» учурда окуя боюнча сүйлөшүүлөр жана түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын маалымдады. Ошондой эле ал тургундардын коопсуздугу үчүн аларды коё бере алышпасын билдирди.

«Аялдардын абалын түшүнүп турабыз, бирок алар да бизди туура түшүнүүсүн суранабыз. Жаңы учурлар катталып жатканы үчүн да аларды узак кармап жатабыз. Баары элдин коопсуздугу үчүн», — деди Абсаттаров.

Ал эми мэриясынын Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова коронавирус бир медайымда табылгандан кийин 800гө жакын адам обсервацияга алынган айтты. Ошондой эле мындай чара колдонулбаганда миңдеген адамдарга коронавирус жугуп калышы мүмкүн экенин белгиледи.

Алгач калаадагы перинаталдык борбордо коронавирус 12-майда медайымдан табылган.

Саламаттык сактоо министрлигинин Ош шаары боюнча координатору Кыялбек Ташполотов коронавирусту аталган медкызматкер ооруну Кара-Суу районунун жашоочусунан жуктурган болушу мүмкүн деп билдирген.

Медайымдан коронавирус аныкталгандан кийин 282 медкызматкерден, 253 бейтаптан (145 эне, 108 ымыркай), үйдө байланышта болгон 23 адамдан, 20-апрелден баштап төрөп үйүнө чыгып кеткен 162 аялдан ПЦР алынып обсервацияга жаткырылган.

Алты сааттан кийин 13 бейтаптын анализи оң жыйынтык берген, калганы терс чыккан. Андан соң 25-майда экинчи жолку жасалган анализ 7 медкызматкерден Covid-19 аныктаган. Ал эми 28-майда дагы 34 киши коронавируска чалдыкканы белгилүү болду — он беш медкызматкер, он төрт бейтап, беш ымыркай. Жалпы аталган төрөт үйүндө коронавирус 55 кишиден табылды.