Укук коргоочу Камиль Рузиевдин баш коргоо чарасы боюнча сот 31-майда жабык өтөт

Укук коргоочу Камил Рузиевдин уулу журналист Азат Рузиев атасынын баш коргоо чарасы боюнча сот Караколдо 31-майда өтөөрүн билдирди. Ошол эле кезде сот отурумун жабык өткөргүлөрү келет — тагырагы, ага журналисттер жана укук коргоочулар киргизилбейт.

«Апама процесс жабык болоорун кабарлашты (!), бул мыйзамсыз. Мындай чечимди жеринде судья чыгарышы керек», — деп жазат Азат Рузиев.

Кыйноолорго каршы күрөшкөн Камил Рузиевди 29-май күнү кечинде УКМКнын кызматкерлери кармап кетишкен — Рузиевдин адвокаты ошол эле күнү аны 48 саатка өздүгүн тактоо үчүн кармашканын айткан. Мындан тышкары, УКМК журналисттерге укук коргоочу алдамчылык жана документтерди жасалмалоого шектелип атканы айтылган пресс-релиз тараткан. Ведомство жабыркагандар тууралуу да, арызданган адам тууралуу да кабар берген жок.

«Атамдын адвокаты кармоо учурунда атамдын жанында паспорту жок болгонун айтты, ошондуктан анын иши азырынча болгону кармоо актысынан турат. (...) УКМК ЖМКлардын бардыгына атам “документтерди жасалмалоо” жана “алдамчылык” боюнча айыпталып атканы тууралуу пресс-релиз жөнөтүптүр. Мунун бардыгы азырынча, адвокаттын айтымында, иште жок. Балким түн ичинде ага иш токуганга жетишет», — деп жазат укук коргоочунун уулу.

Анын айтымында, атасынын достору — юристтер жана укук коргоочулар — алдамчылык жана документтерди жасалмалоого байланыштуу иштердин үстүнөн УКМК эмес, милиция иштеши керектигин билдиришкен.

Камиль Рузиев айыпка макул эмес. Ал Караколдун изоляторунда, тагыраагы, өзү көп жылдан бери милициянын кыйноолоруна каршы күрөшүп жаткан шаарда— ачкачылык жарыялады.

«Айыптарга макул болбой аткан атам убактылуу кармоочу жайда ачкачылык жарыялады. Үй-бүлөбүз ага тамак-аш берүүгө аракет кылды, бирок ал аны алуудан баш тартты. Ал жанына өзүн начар сезгиндиги үчүн керектүү гана дарыларды алды. Изоляторго келген тез жардам атамдын кан басымы өтө түшүп кеткенин айтты. Бирок, ага карабастан ачкачылык кармоону улантып жатат», — дейт анын уулу.

Азат Рузиев атасын кармаган принциптери үчүн жазалап коюулары мүмкүн дейт, себеп дегенде ал 20 жылдан ашуун укук коргоо системасынын кемчиликтери менен күрөшүп келет.

«Милициянын башаламандыгы менен күрөшүп келет жаткан жылдардан бери үй-бүлөгө жана анын өзүнө жумушуна байланыштуу коркутуулар келип турат. Көптөгөн күч кызматкерлери аны укук коргоочулук ишмердиги үчүн ачык эле жек көрүшөт. [...] Бул атамды камап, оозун жаап, коркутуу үчүн идеалдуу учур», — деп жазат Азат Рузиев.

Камиль Рузиев — калкка жардам көрсөткөн «Вентус» укук коргоочу уюмунун жетекчиси. Ал бир эле кыйноолордон жапа чеккендердин кызыкчылыктарын гана эмес, зомбулуктан жабыркагандарды да коргойт — адамга каршы жасалган кылмыш ишин чагылдырып, юридикалык жардам көрсөтөт.

Бул жылдардан бери ал укук коргоочулук ишмердиги үчүн далай жолу кысымга кабылган. 2015-жылы аны милициянын кызматкерлери кыйнап, андан Каракол ТИЗОсун мындан ары текшербестиги тууралуу тилкат жазып берүүнү талап кылышкан. Укук коргоочуну кыйноо тууралуу иш токтотулган.

Уюмдун ишиндеги акыркы эки учур ЖМКда кеңири чагылдырылган — үстүбүздөгү жылдын апрелинде Рузиев караколдук медиктердин коронавирустан коргоочу каражаттарды жоктугу тууралуу даттануулары менен бөлүшкөн. Мындан тышкары, укук коргоочу жигити экинчи кабаттын балконун ыргытып салган кызды коргоп жаткан. Рузиев шектүү бүгүнкү күнгө чейин милиция тараптан кармалбай жатат деп ЖМКлардын көңүлүн бурган.