Индиядан Кыргызстанга 16 кыргызстандык кайтып келди

Сүрөт: Тышкы иштер министрлиги

Кыргызстанга 1-июнда Индиядан «Air India» авиакомпаниясы менен 16 адам алынып келинди. Аларды Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунда тосуп алышты.

Дели — Бишкек каттамын Индия өзүнүн жарандарын Кыргызстандан алып кетүү үчүн уюштурган. Мекенине кайткандар обсервацияга алынды.

Коронавирус дүйнө жүзү боюнча кескин жайылып баштаганынан улам көптөгөн өлкөлөр эл аралык авиакаттамдарды токтотушту. Буга байланыштуу чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктар мекенине кайта албай калышкан. Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын кайтаруу үчүн чартердик каттамдарды уюштуруп жатат.

ТИМдин башчысы Чыңгыз Айдарбековдун 12-майда берген маалыматына ылайык, дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн чет өлкөдөгү мекемелерге мекенине кайтууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен 8 миң 712 кыргыз жараны кайрылган.