Абылгазиев «Верный капитал» жана «Скай Мобайл» компаниялары менен жолуккан эмес — өкмөт

Депутат Жанар Акаев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин «Верный капитал» жана «Скай Мобайл» компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушканы тууралуу маалыматты жарыялагандан кийин өкмөттүн сайтында аны төгүндөгөн билдирүү пайда болду.

Ал билдирүүгө ылайык, чын эле компаниялар менен жолугушуулар болгон, бирок аларга вице-премьер-министр Эркин Асрандиев катышкан. Бирок, өкмөтүн сайтындагы билдирүүдө премьер-министрдин жолугушууда жок болгону тууралуу так маалымат жок.

«Клооп» премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиевге кайрылганда, ал Мухаммедкалый Абылгазиев дагы деле эмгек өргүүсүндө жүргөнүн жана ал бул компаниялардын өкүлдөрү менен жолукпаганын билдирди. Премьер-министр радио жыштыктарды сатууга байланыштуу ишти алып барган тергөөгө басым кылуууга айыптоо болбосун деп эмгек өргүүсүнө кеткен.

Асрандиев менен компаниялардын жолугушуусу да радио жыштыктарга байланыштуу.

Эмне болгон жолугушуу?

Өкмөттөн жолугушууну вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 15-майда өткөргөнүн билдирди. Анда ал «Верный капиталдын» башчысы Ерлан Оспанов жана «Скай Мобайлдын» башкы директору Евгений Кражан менен жолуккан.

Өкмөттүн маалыматына караганда, бул жолугушууда «Скай Мобайл» компаниясынын Кыргызстандагы ишмердигинин айланасындагы маселелер талкууланган. Жолугушууда Асрандиев радио жыштыктар мамлекеттин активи болуп саналаарын жана мамлекет менчик ээси катары алардан пайда алышы керек деген позициясын айткан.

Асрандиевдин «Верный капитал» жана «Скай Мобайл» компанияларынын башчылары менен жолугушуусу 15-майда өткөн, ал убакта премьер-министр Абылгазиев эмгек өргүүдө эмес болчу. Ал өргүүгө 27-майда чыккан.

Депутат Жанар Акаев 20-майда өткөн парламенттин отурумунда премьер-министр Абылгазиевден Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги радио жыштыктарга лицензияларды мыйзамсыз сатууга тиешеси жоктугун далилдешин талап кылган.

Ал эми премьер-министрдин казак инвесторлору менен жолугушканы тууралуу пост 1-июнда жарык көргөн. Постто жолугушуу качан болгону көрсөтүлгөн эмес — болгону «жакында» экени айтылган.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев «Клоопко» кабарлагандай, Акаевдин билдирүүсүнө комментарий берилбейт.

«... биз ал бюджетке кайтарган миллиарддары же премьер-министрдин уюк байланыш операторлору менен жашыруун сүйлөшүүлөрү жөнүндө айтып, жалганды таратып, каралоо кампаниясын улантып жаткан депутат Акаевдин билдирүүсүнө комментарий берүүнүн кажети жоктугун көрүп турабыз», — деп билдирди Султаналиев.

Радио жыштыктарын сатуу жана Абылгазиевдин эмгек өргүүсү

Депутат Жанар Акаев 20-май күнү парламенттин жыйынында өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевден Мамлекеттик байланыш агентигинде радио жыштыктыктарын пайдаланууга лицензиялардын мыйзамсыз сатылышына тиешеси жоктугун далилдөөнү талап кылган.

Ал жыштыктар Абылгазиевдин убагында «арзыбаган баага» сатылган деп эсептейт. Депутат премьер-министр Темир Сариевдин тушунда 15 МГц аукциондо 1 млрд 500 миң сомго сатылган, ал эми учурдагы өкмөт башчысынын учурунда 200 МГц 700 сомго сатылууда деп айткан.

«Бул иш премьер-министрдин уруксаты жок болбойт, ошондуктан күч түзүмдөрү карап чыгышы керек. Ошондуктан күч органдары бүгүнкү күндөн баштап буга өкмөт башчысынын тиешеси бар жогун иликтеп башташы керек», — деп билдирген Акаев 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында.

Анда өкмөттөн ишке комментарий бере алышпасын, себеп дегенде «бул тергөөнүн жүрүшүнө басым жасоо катары кабыл алынып калат» деп билдиришкен.

«Зарыл болгон учурда Премьер-министр жана Өкмөттүн өкүлдөрү тергөөнүн алкагында иштин жагдайын объективдүү жана ар тараптуу иликтөө кызыкчылыгына түшүндүрмө берүүгө даяр», — деп айтылат пресс-релизде.

Андан кийин 27-майда өкмөттүн аппараты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев радио жыштыктарды сатуу иши боюнча иликтөөгө байланыштуу эмгек өргүүсүнө кеткенин кабарлаган.

Ал күнү Абылгазиев жыштыктарды сатууга тиешеси жоктугун жана «мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын коргоп» жүргөнүн айткан.

Абылгазиевдин айтымында, ал мыйзам талаптарына жооп бербеген ээлердин лицензияларын алууну колдоп келген. Ошондой эле ал радио жыштыктарын ачык аукциондо сатууну сунуштаган.

Аскер прокуратурасы менен УКМК 12-майда Мамлекеттик байланыш агенттигинин экс-башчысы Наталья Черногубованы кармаган. Черногубова коррупция боюнча айыпталууда. Ал 12-июнга чейин камакта болот.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Черногубова уюк байланыш оператору жана Технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, андан кийин уюк байланыш операторлорунун биринин лицензиясын байланыш стандарттары өзгөргөнүнө байланыштуу кайра каттаган.