COVID-19дан дагы 46 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 3-июнда маалымдагандай, өлкөдө акыркы сутка ичинде дагы 46 бейтап коронавирустан айыкты — алардын арасында 11 медкызматкер бар.

Илдеттен айыккандардын эң көбү Нарын облусунда катталды — 31. Ошондой эле Бишкекте жети, Жалал-Абад облусунда үч, Ош шаарында жана облусунда экиден, Баткен облусунда бир кишинин коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөтүп, алар ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 1265ке жетти — бул жалпы оорулуулардын 67 пайызын түзөт. Айыккандардын арасында 265 медкызматкер бар.

Кыргызстанда 3-июнга карата коронавирустун жаңы 26 учуру катталды — жалпысынан 1871 учур. Ооруканаларда 586 адам жатат — алардын он экиси оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө үч бейтап которулган.