«Эс алчу убак эмес!» Депутаттар Абылгазиевди эмгек өргүүгө кеткени үчүн сынга алышты

Жогорку Кеңештин 3-июнунда өткөн жыйынында депутат Максат Сабиров премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев орунсуз убакта эмгек өргүүгө чыгып кеткенине нааразы болду. Өкмөт башчы өргүүгө 17-майда чыккан, андан бери чек арада эки жаңжал чыккан.

Сабиров парламентте көпчүлүк коалициясы өкмөт башчысынын эмгек өргүүсүнө реакция кылышы керектигин билдирди.

«Армениянын премьери Пашинян коронавирус жуктуруп алдым, бирок үйдө отуруп иштейм деп атат, а биздин премьер эс алганга кетип жатат, муну кандай түшүнсөк болот? Ошол боюнча Жогорку кеңештин көпчүлүк коалициясы реакция кылышы керек го дейм. Азыр эс алып жатчу убак эмес го дейм», — деп билдирди депутат жыйында.

Өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев депутатка жооп берип, премьер-министр Мухаммедкалык Абылгазиев эмгек өргүүсүнө эс алуу үчүн чыккан эмес деп билдирди.

«Премьер-министр эс алгысы келгендиктен кеткен жок, ал жыштыктар тууралуу иш боюнча кылдат жана объективдүү тергөө камсыздалышы үчүн [эмгек өргүүсүнө] чыккан. Тергөөгө басым кылуу боюнча айыптоолор болбошу үчүн», — деп билдирди «Клоопко» Султаналиев.

Депутат Жанар Акаев да премьерди оор убакта эмгек өргүүсүнө кеткени үчүн сындады. Мындан тышкары, саясатчы Абылгазиев канча убакыт өргүүдө болооруна кызыкты

«Чек арада чатак чыгып, жүк ташуучу машинелер Казакстанга өтө албай чакырымдап тизилип турат, бюджет тартыштыгы абдан чоң. Премьер-министр болсо "тергөөгө кийлигишпейин" деп убактылуу эс алууга кетти. Тарых музейи, ЖЭБ сыяктуу коррупциялык иштер жылдап тергелип жатат, эмне бул иш бир жумада эле тергелип бүтөбү? Же бир жыл бою тергөө созулса, кыргыз эли бир жыл өкмөт башчынын ишке чыгышын күтөбү? Арыдан бери болуп, чечкиндүү кадамдар керек азыр. "Свои" деп коргогон менен, болбой калды бул жагы. Менде күч органдарына дагы бир конкреттүү суроо» — деп суроо салды депутат.

Абылгазиевдин басма сөз катчысы «Клоопко» министрлер кабинетинин башчысы эмгек өргүүсүнөн качан келээри боюнча комментарий бере албасын айтты. Анткен менен учурда Абылгазиевдин милдеттерин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов аткарып жатат. 31-майда кыргызстандыктар менен өзбекстандыктардын ортосундагы чырдан кийин өзбек премьери менен Боронов жолугушкан.