ИИМ «Чоң Казат» кыймылынын лидерлерин суракка алып жатат

«Чоң Казат» кыймылынын лидерлери депутат Кубанычбек Жумалиевдин арызы боюнча ИИМдин тергөө бөлүмүнө суракка чакырылышты. Депутат бул арызды кыймылдын мүчөлөрү аны коррупцияга айыптаганы үчүн жооп кылып берген.

3-июнда кыймылдын лидерлеринин бири Максат Мамыткановду ИИМдин тергөөчүлөрү суракка алышкан. Мамыткановдун айтымында, андан кыймылдын максатын жана саясаттагы пландары тууралуу сурашкан.

«Мисалы, “Чоң Казат” саясий партиясы шайлоого даярданып жатат. Мен анын мүчөсүмүн. Башка балдар бизге кошулабы же жокпу, аны өздөрү чечет. Бизди Матраимовдорго жана башкаларга жабыштырып жатышат. Бирок бизде андай кызыкчылык жок, бул туура эмес», — деп билдирди Мамытканов «Азаттык» радиосуна.

Буга чейин бир күн мурда, 2-июнда беш сааттык суракка «Чоң Казаттын» башка жетекчиси Сыймык Жапыкеев чакырылган. Жапыкеев депутат Жумалиевдин мүлкүнүн мыйзамдуулугуна күмөндөрүн билдирген болчу. Сурактын чоо-жайын ачыкка чыгарбоо боюнча талапка ылайык, ал ИИМден кыймылдын ишмердигинен тышкары дагы эмне жөнүндө сурашканын айтып бере албайт.

Жапыкеев биринчи жолу суракка алынып жаткан жок. Ал эми май айынын аягында кыймылдын лидери Канат Хасанов депутат Жумалиевдин даттануусу боюнча күбө катары суракка алынган.

Мурдараак Хасанов фейсбук барагында жеке маалыматтарына таянып, Жумалиев «Ленин райсотунун төрагасына 100 миң доллар сунуштаганын» билдирген.

30 белгилүү ууру

Жапыкеев Хасановго чейин эле соцтармактарда депутат Жумалиевдин мүлкү анын кирешесине туура келбесин айтып, Кыргызстанда «30 белгилүү ууру» бар деп билдирген. Ал эл өкүлү мүлкүн күмөндүү жолдор менен тапкан деп, аны текшерүүнү талап кылган.

«Келгиле, баарыбыз чогулуп, алардын үйүнө баралы. Мисалы, 10 миң адам Жумалиевдин үйүнө барып, андан биздин Кытайга карата тышкы карызыбызды төлөп берүүсүн талап кылсын. Жаныбызга нотариусту алып алабыз, ал депутаттын распискасын күбөлөндүрүп берет», — деп жазган Жапыкеев.

Жапыкеевдин билдирүүсү депутаттарды санаага салып, дароо бир нече саясатчы «Чоң Казат» кыймылын текшерүүнү талап кылган. Алар менен кошо депутат Жумалиев өзү да арызданган.

ИИМдин тергөө кызматы Жапыкеевдин айткандарын текшерип, анын сөздөрүндө «массалык акцияларга чыгуу чакырыгы бар деп» токтом кылган.

Жумалиевдин мүлкү

Жумалиев Куран кармап, коррупциялык иштерге аралашпаганын билдирген. Бирок, өткөн жылдын декабрында Economist.kg басылмасы менен «Декларатор» долбоорунун иликтөөсүнүн фигуранты болгон. Журналисттер аныкташкандай, Жумалиев өз декларацияларында ага жана анын жубайы Роза Амановага толук же жарым-жартылай таандык болгон 33 фирманы көрсөтпөй, аларды Салык кызматынан жашырып койгон.

Жапыкеевдин билдирүүсүнөн кийин Финпол депутаттын мүлкүн текшере баштаган.

Депутаттын адвокаты Жыргалбек Бабаев Жумалиевде 2005-жылга дейре, тагыраагы, ал биринчи вице-премьер-министрлик кызматты аркалап жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигин жетектей баштаганда бир батир жана бир нече жер тилкелери бар болгон деп билдирген. Ал эми анын дагы бир адвокаты Бактыбек Жумашев ачык кат жарыялап, катта депутат Жумалиев бизнести иштетүү үчүн 2006-жылы Кыргызстандын банктарынан 16 млн доллар кредит алган деп жазган.

Адвокаттын экөөсү тең саясатчынын мүлкүнүн коррупцияга тиешеси жок деп көшөрүшүүдө.