Депутат Кубанычбек Жумалиев 50 компанияга ээлик кылбайт — эл өкүлүнүн адвокаттары

Парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин адвокаттары Жыргалбек Бабаев менен Бактыбек Жумашев 29-майда басма сөз жыйын курушту. Бабаев 2005-жылга чейин Жумалиевдин менчигинде бир батир жана бир нече жер тилкелери бар болгонун айтты.

Анын айтымында, бул чогултулган бардык документтер менен далилденип турат.

«2005 жана 2015-жылдары ал ишмердик жана илимий ишмердикти жигердүү аркалаган. Ошол убакта ал ар кандай багыттардагы компанияларды, фирмаларды ачкан — коммерциялык максатты көздөбөгөн көптөгөн билим берүү мүнөздөгү мекемелерди», — деди ал.

Бабаевдин айтымында, Кубанычбек Жумалиевде 50дөн ашуун фирма жана компаниялар бар деген сөз чындыкка дал келбейт. Ал бүгүнкү күндө депутаттын сегиз гана компаниясы иштеп жатканын айтты.

Юристтин айтымында, Жумалиев 2015-жылдын октябрында депутат болуп шайлангандан кийин ал бул сегиз компанияны үчүнчү адамдарга ишенимдүү башкарууга өткөрүп берген. Калган 42 компаниянын көбү башында чарба иштерин алып барган эмес. Ошол эле учурда, айрым компаниялары иштеп турса да кийин ишмердигин токтотушкан.

«Азыр алардын көбү жабылган, калгандары салык жана сот органдары аркылуу ликвидация процессинде турат. Дал ошондуктан компаниялардын маалыматтары киреше декларациясына кирбей калган», — деди Бабаев.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө депутат Жумалиев Байтик Баатыр көчөсүндөгү үйдө батирге жана Эркиндик бульварында жер тилкесине ээлик кылат. Жубайынын Түлеев жана Шопоков көчөлөрүндө кыймылсыз мүлкү бар. Депутаттын балдары жер тилкелерине жана батирге ээлик кылышат.

«Бул мүлктүн баары эл өкүлү ишкер болуп жүргөн кезинде эле сатылып алынган. Колубузда бардык документтер бар, тергөө органдары талап кылса аларды беребиз», — деп кошумчалады юрист.

Адвокат Бактыбек Жумашев ИИМге прокуратуранын экс-кызматкери Сыймык Жапыкеевдин арызы берилгенин айтып берди. Анын айтымында, учурда укук коргоо органдары тараптан анын «Кубанычбек Жумалиевге карата зомбулук аракеттерине, өзгөчө анын менчигин тартып алуу боюнча чакырыгы» каралып жатат.

«Биздин оюбузча, анын билдирүүсү биздин кардарыбызга гана эмес, бүт өлкөгө күтүлбөгөн натыйжага көкүтмөк. Чындыгында өзүм билемдикке чакырык болуп жатат», — деп сөзүн жыйынтыктады Жумашев.

Мурдараак Финпол парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин жана анын туугандарынын мүлкүн аныктаган. Ведомство аталган маселе боюнча сотко чейинки өндүрүш уланып жатканын билдирди. Ал буга чейин Башкы прокуратура тарабынан «Мыйзамсыз баюу» жана «Кызмат адамынын ишкердикке мыйзамсыз катышуусу» беренелери боюнча КЖБРге катталган эле.

30 белгилүү ууру жана Куран кармап ант берүү

Мурдараак Сыймык Жапыкеев соцтармактарда депутат Жумалиевдин мүлкү кирешесине туура келбейт деп билдирип, Кыргызстанда «30 белгилүү ууру бар» деп айтып чыккан.

Ошондой эле ал эл өкүлү мүлкүн күмөндүү жолдор менен тапкан деп кабарлап, аны текшерүүнү талап кылган.

«Келгиле, баарыбыз чогулуп, алардын үйүнө баралы. Мисалы, 10 миң адам Жумалиевдин үйүнө барып, андан биздин Кытайга карата тышкы карызыбызды төлөп берүүсүн талап кылсын. Жаныбызга нотариусту алып алабыз, ал депутаттын распискасын күбөлөндүрүп берет», — деп жазган Жапыкеев.

Кийнчерээк 26-майда ИИМ Тергөө кызматы Жапыкеевдин соцтармактарда айткан сөздөрү боюнча лингвистикалык экспертизаны аяктаганын билдирген. Бул экспертиза 7-майда демилгеленип, парламенттин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин арызы боюнча Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат тарабынан өткөрүлгөн.

Жумалиев Куран кармап, коррупциялык иштерге аралашпаганын билдирген. Бирок, өткөн жылдын декабрында Economist.kg басылмасы менен «Декларатор» долбоорунун иликтөөсүнүн фигуранты болгон. Журналисттер аныкташкандай, Жумалиев өз декларацияларында ага жана анын жубайы Роза Амановага толук же жарым-жартылай таандык болгон 33 фирманы көрсөтпөй, аларды Салык кызматынан жашырып койгон.

ТЕМА БОЮНЧА: