Депутаттар «Чоң казатты» текшерүүнү талап кылса, кыймыл бай саясатчылардын мүлкүн текшерүүнү суранууда

Жогорку Кеңештин депутаттары «Чоң Казат» кыймылын бир нече күндөн бери талкуулап жатышат. Алар аны текшерүүнү талап кылышууда. 13-майда парламенттин жыйынында депутаттар Руслан Казакбаев жана Тазабек Икрамов кыймылдын ишмердиги тууралуу маселени көтөрүштү. Кыймыл эмне үчүн депутаттардын кыжырын келтирип атканын айтып беребиз.

Чоң бир нерсенин башталышы

Казакбаев бул «чоң бир нерсенин башталышы» деп кооптонууда. Буга чейин соцтармактарда кыймылдын митинг уюштура турганы боюнча маалымат тараган. Бирок «Чоң Казаттын» мүчөлөрү бул маалыматты төгүндөп, «азыр митинг өткөрө турчу учур эмес» деп билдиришти. Алар «бул маалыматты депутат Жумалиевдин кишилери таратып жаткан болушу мүмкүн» деп айтышууда.

Депутат Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн финпол текшерип жатат. Мурдараак «Чоң Казат» кыймылынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев соцтармактарда депутаттын мүлкү анын кирешесине туура келбейт деп айтып, Кыргызстанда «белгилүү 30 ууру» бар деп билдирген. Ал ошондой эле бул адамдар азыр Кыргызстандан чыгып кете албай жатканын кошумчалаган.

«Келгиле, баарыбыз чогулуп анын үйүнө баралы. Мисалы, 10 миң адам Жумалиевдин үйүнө барып, ал биздин Кытайга болгон тышкы карызыбызды төлөп беришин талап кылышсын. Жаныбызга нотариусту алып алабыз, ал депутаттын тил катын күбөлөндүрүп берет», — деп жазган ал.

Айрым кишилер эмес, өкмөт

Кыймыл тууралуу 13-майда депутат Тазабек Икрамов да айтып чыкты.

«Мыйзамсыз байыган аткаминерлерди текшерүү керек, бирок бул ишти өкмөт кылышы керек да, мыйзамсыз аракеттерге чакырып аткан айрым адамдар эмес», — деди Икрамов.

Бул депутаттын «Чоң Казат» тууралуу биринчи жолу эле айтылган пикири эмес — буга чейин ал мыйзамсыздык болуп кетишинен чоочулап атканын айткан.

«Элди коомдун тынчын алууга, жеке менчикти басып алууга чакырууга, эч кимдин укугу жок. Биз укуктук мамлекетте жашайбызбы же мыйзамсыздык өкүм сүргөн өлкөдө жашайбызбы? Адамдарды аңчылыкка чыгууга чакырган сөздөр айтылып жатат, аларды мыйзамсыз аракеттерге түртүп жатышат. Эмне үчүн өкмөт уктап жатат?» — деп айтып, ошол эле учурда саясатчы коррупцияга каршы экенин билдирди.

Премьер-министр Абылгазиев 13-майда башкалардын мүлкүн тартып алуу туура эмес, бардыгы мыйзам чегинде болушу керек деп билдирди.

«Тартып алгыла деп чакырган болбойт — бул мыйзамсыз ыкмалар. Биз Маммүлк фондусуна тапшырма бердик, ал мамлекеттик мүлк кантип сатылганын, кантип менчиктештирилгенин текшерет», — деди ал.

Уурдаганыңарды кайтаргыла

Сыймык Жапыкеев

Кыймылдын мүчөсү Сыймык Жапыкеев өзүн прокуратуранын мурдагы кызматкеримин деп эсептейт. Кыймылдын дагы бир башка мүчөсү — Максат Мамытканов — атайын кызматтын экс-кызматкери катары таанымал. Мамытканов кыймылдын мүчөлөрү коррупционерлердин тизмесин түзүп, уурдалгандарды кайтарууну талап кылышат.

«Биз бул кыймылды коррупцияга каршы күрөш жарыялап, коомдук демилге көтөрдүк. “Ошол күрөштү кимден баштайбыз?” деген суроо туулат. Биз болсо “коррупциянын бардыгы Акаевден башталган” деген негизде анын учурунда кылмыштуу иштерге аралашкандардын бардыгын жоопко тартууну талап кылабыз», — деп келтирет анын айткандарын «Азаттык» үналгысы.

«Чоң Казат» ар бир призиденттин тушунда бийликте болуп аткан коррупционерлер келе жаткан парламенттик шайлоодо да депутаттык мандаттарды сатып алышат деп кооптонууда.

Ал эми азырынча кыймылдын мүчөсү Жапыкеевди ИИМ текшерип жатат — ага карата арызды колуна Куран кармап жемкор эмесмин деп ант берген депутат Жумалиев жазган.

ТЕМА БОЮНЧА: