Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1899га жетти

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штабдан 4-июнга карата коронавирус дагы 28 адамдан табылганын маалымдашты — алардын жетөөсү медкызматкер.

Жаңы учурлардын 15и Бишкек шаарында катталды — алардын экөөсү медкызматкер. Ош облусунда алты, Чүй жана Ысык-Көл облусттарында бирден бейтап коронавируска чалдыкты. Ошондой эле Ош шаарында төрт жана Нарын облусунда бир медкызматкерде COVID-19 аныкталды.

Коронавирустун 20 учуру обсервацияда жаткан адамдардан табылды. Бир учур чет өлкөдөн келген жаранда катталды. Калган 7 бейтап илдетти кантип жуктуруп алганы белгисиз.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 1899га жетти — анын 372си медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 1292 адам айыгып, жыйырма бейтап каза болду.

Коронавирустун эң көп катталганы боюнча биринчи орунда Бишкек шаары турат, борбор калаада 499 адам вирус шарттаган илдетке чалдыкты. Нарын облусу бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда келе жатат — 381 учур. Ош облусунда — 226, Жалал-Абад облусунда — 163, Ош шаарында — 211, Чүй облусунда — 134, Баткен облусунда — 30 жана Ысык-Көл облусунда 15 адам илдетке чалдыкты.

Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктардын арасында 240 адамда коронавирус аныкталды. Алар Бишкек, Ош жана Чүй облусундагы ооруканаларга жайгаштырылган.

Учурда ооруканаларда 587 адам дарыланып жатат. Алардын ичинде он эки бейтап оор абалда — үч бейтап жандандыруу бөлүмүндө калууда. Кыргызстан боюнча обсервацияга 1953 адам алынды.

Коронавируска чалдыккандар менен карым-катнашта болгондордун саны 7905ти түздү. Акыркы сутка ичинде 2933 изилдөө жүргүзүлдү.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.