Өлкөдө коронавирустан дагы 3 адам каза болду — алардын бирөөсү дарыгер

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 3-июндагы брифингде Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алган дагы үч бейтап көз жумганын кабарларды. Алардын экөөсү Ошто, бирөөсү Нарында дарыланып жатышкан.

Көз жумган бейтаптардын бири фтизиатр болуп иштеген — ал 59 жашта болгон. Маркум коронавирусту жуктуруп алган бейтаптар менен карым-катнашта болуп жүргөн. Маркумдун кант диабети жана жүрөк оорусу бар болгон. Ал ооруканага түшкөндөн кийин анда эки тараптуу пневмония пайда болгон.

Бул коронавирус жуктуруп көз жумган биринчи медкызматкер эмес. Буга аталган илдеттен Бишкектеги №3 ҮМБнын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева каза болгон.

Каза болгон экинчи бейтап 55 жаштагы Ош облусундагы Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылынын тургуну. Ал жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштеген. Маркум илдетти Орусиядан жуктуруп келген. Бейтап 27-майда ооруканага түшкөндөн кийин анда да эки тараптуу пневмония пайда болгон. Мындан сырткары былтыры анын жүрөгүнө операция жасалганы белгилүү болгон.

Ал эми үчүнчү бейтап Нарын облусттук ооруканасында дарыланып жаткан. Каза болгон 84 жаштагы жаран 9-майда ооруканага түшүп, ошол жерден коронавирус жуктуруп алган.

Ушуну менен COVID-19дан каза болгон жарандардын саны 20га жетти. Коронавирустан көз жумгандардын эң көбү Ош облусунда катталды — 7 учур. Алардын бешөөсү Ош шаарында, үчөөсү Ноокат районунда жана бир адам Кара-Суу районунда көз жумган. Бишкек шаарында илдеттен беш бейтап кайтыш болгон. Чүй облусу боюнча үч, Нарын облусунда эки жана Жалал-Абад облусунда бир жаран көз жумган.