Мечит жана чиркөөлөргө 8-июндан тартып барууга уруксат берилди

Ош шаарындагы «Сулайман Тоо» мечити. Сүрөт: Тойчубек Артык уулу

Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлагандай, 8-июндан тартып диний мекемелерге — мечит, чиркөө жана намазкана — барууга коюлган чектөөлөр алынат.

Бул чечимди Республикалык штаб муфтият жана башка диний мекемелердин өкүлдөрү менен кеңешип кабыл алды. Бирок мечит жана чиркөөгө кирээрден мурда кишилердин дене табы өлчөнөт. Ошондой эле, адамдар беткап тагуусу жана социалдык аралыкты сактоосу зарыл.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы коронавирусту жайылтпоо максатында 17-мартта жума-намаздарды мечиттерде окууга тыюу салган. Андан кийин мечиттер карантинге жабылган жана даават кылууга да убактылуу чектөө киргизилген. Мындан сырткары Орозо айт намазы аянттарда окулган эмес.

Ошол эле учурда мечиттер толугу менен жабылган эмес — анда мусулмандарга намаз убактылары тууралуу кабар берүү үчүн азан айтылып турган.

Кыргызстанда COVID-19дун алгачкы учуру 18-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катталган. Коронавирус 12-март күнү умрадан кайтып келген үч тургундан табылган.