Муфтият: Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт

Архивдик сүрөт

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 24-майда өтүүчү Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбастыгын маалымдады. Мындай чечим COVID-19 инфекциясын жайылтпоо максатында кабыл алынды.

«Туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Орозо айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз», — деп жазылган муфтияттын билдирүүсүндө.

Ал эми 24-май күнү Кыргызстандын муфтийи Максатбек Токтомушев эртең мененки саат 7де КТРК телеканалынан Орозо айтка карата кайрылуу жасайт.

17-мартта муфтият өлкөдөгү мечиттерде жума намазын окууну убактылуу токтоткон. Буга коронавируска байланыштуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынышы себеп болгон.

Буга чейин Орозо айт намазы Бишкектеги жана Ош шаарындагы борбордук аянтта окулуп келген. Намаз окууга чогулгандардын саны бир нече миңге жетчү.