Аида Салянованын инисин өлтүрүүгө шектүүлөрдү өмүр бою эркинен ажыратуу суралды

Киши колдуу болгон Улан Саляновдун эжеси Чынара Турдалиева «Азаттыка» курган маегинде мамайыптоо 4-июнда инисинин өлүмүнө шектүүлөрдү өмүр бою эркинен ажыратууну суранганын билдирди.

Биринчи май райондук соттун бул иш боюнча кийинки отуруму 3-июлда болот. Анда айыпталып аткандардын экөөсү акыркы сөздөрүн айтышат.

Экс-прокурор Аида Салянованын иниси Улан Салянов 2017-жылы 6-ноябрда кечинде өлтүрүлгөн. Беткапчан үч адам маркумдун Көк-Жар айылындагы үйүнө кирип барып, аны атып, андан соң изин суутуп кетишкен.

Окуядан бир жарым ай өткөндөн кийин — 27-декабрда — Саляновду өлтүрүүгө шектелген негизги адам кармалган. Анын жанында үч магазин ок-дарысы жана номери өчүрүлгөн Макаров тапанчасы табылган.

Милициянын маалыматына ылайык, кармалган шектүү маркум Салянов менен «тааныш болгон» жана мурда уурулук, карактоо, бейбаштык жана талоончулук үчүн төрт жолу соттолгон.

Кол салууга катышкан экинчи адам эл аралык издөөгө жарыяланган, андан соң ал 2018-жылдын 17-январында орусиялык милиционерлер тарабынан камакка алынган. Ал 2019-жылдын майында Бишкекке күзөт менен алынып келинген.

Саляновду өлтүрүүгө катышкан делген үчүнчү шектүү Екатеринбургда 2018-жылдын августунда кармалган, бирок ал алынып келе элек.

Иш саясий эмес

Аида Салянова иниси саясий жүйөө менен өлтүрүлгөн деп эсептейт. Ал инисин өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бирин УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев менен байланыштырган. Анын пикири боюнча, Сегизбаев кол салуунун уюштуруучусун колдогон.

Мурдараак ИИМ бул иште саясий мүнөз жок деп билдирип келген жана тергөөнүн негизги версиясы «каракчылык менен тоноо» болгон.