«Манас» аэропорту республика боюнча бардык каттамдарын ачты

Эл аралык «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы 8-июнда өлкө боюнча бардык ички каттамдарын жандантканын кабарлады.

«Узакка созулган карантинден кийин бүгүн, 2020-жылдын 8-июнунда, Бишкек–Ош–Бишкек каттамы боюнча алгачкы ички авиарейстер тейленди. Жүргүнчүлөрдүн жалпы саны – 208», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, аэропортто жана учактын салондорунда дезинфекция жүргүзүлүп, Саламаттык сактоо министрлигинин талаптары боюнча бардык санитардык нормалар сакталды.

«Биз бардык жүргүнчүлөрдү сунушталган алдын алуу чараларын сактоону өтүнөт жана Кыргызстандын бардык аэропортторундагы терминалдарга кирүү коргоо беткаптары жана авибилети менен гана уча турган жүргүнчүлөр кире аларын эскертет. Бардык жүргүнчүлөр кирерде автоматташтырылган термометриядан жана дезинфекциялык тоннелдерден өтөт», — деп айтылат басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Бийлик буга чейин 15-июндан тарта эл аралык авиа каттамдарды ачууга даярдык көрө баштаарын кабарлаган. Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев Саламаттык сактоо министрлигинин, аэропорттордун жана агенттиктин ортосунда алгоритмди макулдашуу жүрүп жатат деп билдирген болчу.

«Саламаттык сактоо министрлиги менен ӨКМ күнүнө эки-үч каттамга макул, бул учурда алар обсервация боюнча бардык талаптарды аткара алышат», — деген ал.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталганынан улам бийлик 25-марттан тарта чек араларын жаап, эл аралык жана ички авиа каттамдарды токтоткон. Бирок «Манас» аэропорту жүк ташуучу жана чартердик рейстерди тейлөөнү улантып келген.

8-июнга карата, өлкө боюнча коронавируска чалдыгуунун 2032 учуру аныкталып, COVID-19дан 23 адам каза тапкан.