Ошто жарандык активисттер президент менен жолугушууну өтүнүштү

Ош шаарындагы жарандык коомдун өкүлдөрү мэриянын алдында 8-июнда «Президент, үнүбүздү угуп коюңуз» акциясын уюштурушту. Борбордук аянтта чогулгандар 10-июнда калаага иш сапары менен президент Сооронбай Жээнбеков келиши күтүлүп жатканын айтышып, Жээнбековдон аларды кабыл алуусун өтүнүштү.

Posted by T-Media on Monday, June 8, 2020
Видео: «Т-Медиа» басылмасы

Акциянын катышуучуларынын бири «Интербилим» эл аралык борборунун Оштогу филиалынын жетекчиси Гүлгакы Мамасалиеванын айтымында, жарандык коомдун өкүлдөрү президентке шаардагы социалдык көйгөйлөр тууралуу айтып бермекчи.

«[Жергиликтүү бийликке] талаптарды койгонубузда бири-бирине төңкөп жатышат: “Бул көйгөйдү архитектура, бул көйгөйдү сот чечет” деп кутулуп кетишет. Ошондуктан биз талаптарды [акция учурунда] айткан жокпуз жана кайрылууда жазбадык. Себеби ыйгарым укуктуу өкүл же мэр “бул деңгээлде эле чечели — бул көйгөй бизге тиешелүү, бул көйгөй Башкы прокуратурага тиешелүү, президент силерге эмнеге керек?” деп эшигин жабып коймок», — деди Мамасалиева.

Мамасалиева бейөкмөт уюмдадын өкүлдөрү президентке Ош шаарында 10 жыл аралыгында кандай көйгөйлөр пайда болгонун жана алардын ушул убакытка чейин чечилбей жатканына көңүлүн бурдурууну көздөп жатышканын белгиледи.

«Биз [2010-жылдагы] июнь коогалаңы социалдык адилетсиздиктен болгонун айтканы жатабыз. Эгерде көйгөйлөр чечилбесе элдин арасында бийликке болгон ишеним төмөндөй баштайт. Учурда ошол эле көйгөйлөр, муктаждыктар кайтып келе жатат. Мындан сырткары мигранттар да кайтып келе жатышат, нааразы болгон тараптар көбөйүп жатат. Түштүктөгү жаңжал кайталанбашы үчүн биз президент менен ачык сүйлөшөлү дегенбиз», — деди Мамасалиева.

Коомдук ишмер мисал катары бажы тармагындагы коррупцияны, Сулайман тоонун буфердик аймагындагы мыйзамсыз курулуштар салынып жатканын, соттогу адилетсиздикти жана ӨКМдин алдындагы агенттигинин жетекчисин өлүмүн келтирди. Каза тапкан кызматкердин аялы «Интербилим» коомдук бирикмесине бир нече жолу кайрылып, иш ордунан жылбай жатканын айткан.

Ошондой эле коомдук ишмерлер 2010-жылдагы июнь коогалаңынан кийин шаарды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан курулган үйлөрдүн авариялык абалга кептелгенин жана Ош облусундагы Кең-Сай массивинде инфраструктура ушул убакытка чейин толугу менен өткөрүлбөй жатканы тууралуу президентке айтып берүүнү көздөп жатышат.