Күч органдарынын кызматкерлерине өкмөт куруп берген үй кооптуу абалдабы? — Ош шаары

Ош шаарындагы Исхак Раззаков көчөсүндөгү кызматтык турак жай. Сүрөт: "Турмуш" басылмасы 

Ош шаарындагы Исхак Раззаков көчөсүндөгү 16 кабаттуу үйдүн жер төлөсүнө суу толуп, турак жай чөгүп бара жаткандыгы тууралуу «Турмуш» басылмасы бир ай мурун жазып чыккан. Анда тургундар жергиликтүү бийлик жана үйдү курган компания маселеге көңүл кош мамиле жасап жатканына даттанышкан.

Аталган турак жай калаадагы эң бийик имарат. 126 батирден турган үйдү өкмөт күч органдарынын кызматкерлерине бекер куруп берген.

«Клооптун» журналисттери аталган турак үйгө барып жашоочулардан интервью алганга аракет кылышты, бирок көпчүлүгү көйгөй тууралуу кеп кылуудан баш тартышты. Жалгыз гана Нургиза Кулуева тургундарда үй чөгүп бара жатат деген кооптонуулар болгонун тастыктады.

«Чындыгында үйдүн каптал жагынан караганыбызда жарака кеткендей болгон. Анан брусчаткалар чөгүп калыптыр. Алды жактагы тепкичтердин цементи түшүп кеткен болчу. Кошуналар үй чөккөнү үчүн ушундай болуп жатат дешкен. Биз жаракка кеткенинен кооптондук», — деди Кулуева.

Үй башчы Улан Исраилов жаралаган көйгөйдүн келип чыгуу себептерине токтолду: «Үй курулгандан бери 7 жылдын жүзү болду. Брусчаткалар жакшы тромбовка болбогондуктан отуруп калган. Жаан жааганда көлчөк болуп, суулар топтолуп калат. Анан ал суулар жер төлөгө агып түшүп, ошондуктан жер төлөнү суу каптачу. Түшкөн суу кайра эле насос менен сыртка тартылып турган».

Жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаменттин башчысы Таймурас Исакжанов «Клоопко» 16 кабаттуу үй мэриянын балансында турбагандыгын билдирди.

«Бул үйгө мэриянын тиешеси жок болгондуктан, тургундардын көйгөйү тууралуу жооп бере албайм. Үйдү Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлкеттик дирекциясы курган. Кийин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүп берген», — деп түшүндүрдү Исакжанов.

Мамэкотехинспекциянын Ош шаары боюнча башчысы Рыспек Юсуповдун айтымында, аталган көп кабаттуу үйгө ведомствонун инспекторлору барып текшерүүдөн өткөрүшкөн. Анын жыйынтыгы боюнча имарат коопсуз деп табылган.

«Үйдүн негизги курулушунда деффекттер байкалган эмес. Кооптонуга негиз жок. Ал үй өтө бышык салынган, азырынча чөкпөйт. Жөн гана тепкичтеринен жарака кеткен. Жашоочулар суу коё берип брусчаткалар кичине отуруп калган экен. Жер төлөнү инспекторлор караганда тепкичтер аркылуу суу кирип кафелдери көчүп кеткени аныкталды», — деди Юсупов «Клооптун» кабарчысына.

Ал турак жайды курган «Ал-Манар» ЖЧКсы чөгүп кеткен брусчаткаларды жана жарака кеткен тепкичтерди оңдоп бергенин кошумчалады.

Ош шаарында 2010-жылдагы июнь коогалаңынан кийин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция тарабынан 24 көп кабаттуу үй курулган. Буга эл аралык уюмдар берген каражаттан 6 миллиардга жакын сом жумшалган. Аталган 1392 батирдин 629у июнь окуясында жабыркагандарга берилген. 326 батир күч түзүмдөрүндө иштегендерге, 45 батир азиздер жана дүлөйлөр коомуна тийген.