ӨКМдин алдындагы агенттиктин жетекчиси башына жеген октон каза тапты — Ош шаары

Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 25-декабрь күнү кечки саат сегиздер чамасында тез жардам кызматы бөлүмүнө 35 жаштагы Сапар Бакыевдин сөөгү жеткирилген.

Шаардык милициядан маркумдун денесин кароо учурунда башынын арка тарабына белгисиз тапанча менен ок атылганы аныкталганын кабарлашты. Ал эми анын үй-жайын кароо учурунда сарайынын алдында уюган кандын жана андан төрт метр аралыкта белгисиз октун гильзасы табылган.

Укук коргоо органдарынан маалымдашкандай, Бакыев ӨКМдин алдындагы Сел жана суу ташкындарынан коргоо мамлекеттик агенттигин жетектеп турган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталды. Учурда экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ош ШИИБи маркум үй-бүлөлүү болгонун жана анын артында эки уулу калганын кабарлайт.