Парламент комитети Канттагы орус авиабазасы боюнча мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү жактырды

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы Орусиянын аскерий аба күчтөрүнүн Канттагы аскер базасынын жайгашуусунун шарттары жана макамы жөнүндө протоколун ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.

Маалымкат-негиздемеге ылайык, 2016 жана 2017-жылдары, протоколду даярдоо учурунда эки жак тең орус тарап ижарага алган жерлерде биргелешкен топографиялык съёмка жүргүзүшкөн. Топосъёмканын жыйынтыгында орус тарап 866,2 га аймактын ордуна 924,52 га тилкесин пайдаланып жатканы маалым болгон — бул «Орус Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы курама орусиялык аскер базасынын Кыргыз Республикасынын аймагында болушунун абалы жана шарттары жөнүндө макулдашууда» жазылгандан 58,32 гектарга көп.

Тагыраак айтканда, Орусия Чалдыбардагы байланыш түйүнүнүн аймагын 811,2 гектардан 851,2 гектарга чейин кеңейтип, ал эми Караколдогу сынамык базасынын аймагын 55 гектардан 73,3 гектарга чейин кеңейтип алган.

Ошол эле маалда келишимде көрсөтүлгөн аянт үчүн 4 млн 502 миң 495 доллар ижара акысы алынат. Протокол күчүнө киргенден кийин бул сумма 291 миң 600 долларга көбөйөт. Ошол эле кезде 2012-жылдан бери жоготулган сумма калыбына келтирилээри белгиленет.

Парламент 2020-жылдын 4-июнунда Орусиянын аба-аскерлеринин Канттагы базасынын статусу жана жайгашуусу тууралуу протоколду ратификациялоо боюнча мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөрдү карады.

Бул туурасында Kaktus.media басылмасы 2-июнда «Кыргызстан Орусиянын Канттагы аскердик базасынын аймагын оңдоп түзөө иштеринин акысына аны аларга берүүнү чечти» деген аталышта кабарлаган.

Мындан кийин мыйзам долбоорунун айынан жаралган коомдук резонанстан кийин Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы кыргыз жери өткөрүлөрүү боюнча маалыматты төгүнгө чыгарган. Башкы штабы реконструкция жүргүзүлгөндөн кийин орус тарап «Кант» аэродромунун учуу-конуу тилкесин оңдоо үчүн колдонулган бетон плиталарга гана ээ болот деп билдирген. Ал эми учуп-конуу тилкесиндеги жерлер Кыргызстанга таандык бойдон калат.

Депутаттар да түшүнбөстүктөр жаралганын билдиришти. Эл өкүлү каныбек Иманалиев өкмөткө базага пресс-тур уюштуруп, келишимдин шарттарын жеринен аныктону сунуштады.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстан Канттагы аскер базасынын аймагын Орусияга береби? Түшүндүрөбүз! (спойлер – бербейт)