«Бабановдун эжесине куран окутуу». Депутаттар тыюуга карабай ресторанга массалык иш чарага барышты

Бир нече күн мурда вице-премьер Кубатбек Боронов кыргызстандыктар санитардык эрежелерди сактабай массалык иш-чараларга, мисалы, той-аштарга барып, ал жактан коронавирус жуктуруп алып жатышканын айтып арызданган.

Аткаминерлер менен саясатчылар массалык чараларды уюштурууга тыюу салынганын жана ал үчүн штрафтар бар экенин, ошондой эле массалык иш-чарларды уюштурган жайларга санитардык эрежелерди сактабоо үчүн айып салынаарын билишет. Бирок 11-июнда көптөгөн мансабы чоң аткаминерлер Бишкекте «Кайнар» ресторанына чогулушту.

Иш-чарадан «Республиканын» жаңы лидери Мирлан Жээнчороевди жана депутат Аалы Карашевди байкоого мүмкүн болот.

«Кактус» басылмасы жеринен видео тартып чыгарды, андан коноктордун автопаркын жана журналистке тоскоолдук кылып аткан жигитти көрүүгө болот. Журналист аталган жигитти «Өмүрбек Бабановдун жансакчысы» деп атады — ал агрессия көрсөтүп, ал эле эмес журналистти муунткан. Жакын арада өтүп бараткан милиция журналистке кол салган адамга чара көргөн эмес. Журналисттердин маалыматына ылайык, ресторанда мурдагы өкмөт башчысынын эежесине куран окутулуп жаткан.

«Кайнардын» администраторуна Бузуулар кодексинин «Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу жөнүндө» 293-беренеси боюнча штраф салынды. Ал физикалык жак катары эки күндүк иш-чарага деп 3000 сомдон жалпы алты миң сом айыпка жыгылды, бул учурда юридикалык жак 13 миң сом төлөшү керек болмок.