Финпол Бишкек — Ош автожолунун директорун жана тоннелдик посттордун башчыларын кармады

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамагенттиктин кызматкерлери Бишкек — Ош жолу мамдирекциясынын башчысын, ошондой эле «Сосновка» жана «Кара-Көл» тоннелдик посстордун эки начальнигин кармашты. Бул тууралуу Финподун басма сөз кызматы кабарлады.

«Аталган иш боюнча, Транспорт жана жол министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн 12 жооптуу кызматкери коррупцияга шектелип калмалды», — деп айтылат билдирүүдө.

Коррупциялык схемадан келтирилген зыяндын суммасы 20 млн сомдон ашып кетиши мүмкүн. Финпол коррупциялык схемага аталган министрликтин жана башка ведомстволордун жогорку кызматтагы адамдарынын тиешеси бар-жогуна текшерип жатат.

Май айындагы кармоо

Буга чейин, 28-майда, Бишкек — Ош автожолу мамдирекциясынын үч кызматкери кармалган болчу. Анда Финпол «Сосновка» жана «Кара-Көл» өткөрмө пункттарынын айрым кызматкерлери 2018-жылдан тарта транспорт каражаттарын өткөргөндүгү үчүн көзөмөлдөө жана төлөмдөрдү алуу боюнча автоматташтырылган системасына туура эмес маалыматтарды киргизип келишкенин кабарлаган.

«Алар чет элдик транспорттун чыккан жерин өзгөртүп, унаанын габариттерин азайтып, ошол эле кезде өтүү акысын бекитилген тарифке ылайык алып турушкан. Автоматташтырылган системага алар сумманы кыйла азайтып, туура эмес маалымат киргизип, ал эми айырмасын өздөрүнө ыйгарып алып турушкан», — деп билдиришкен Финполдон.

Ведомствонун маалыматы боюнча, мунун баары «Мамдирекциянын жогорку кызматтагы адамдарынын жол берүүчүлүгү жана колдоосу» менен болгон. Аларга өткөрмө пунктундагы бардык маалыматтар автоматтык түрдө келип турган — мамномери жазылган транспорттун түрү жана бюджетке алынуучу төлөм. Бирок, туура эмес киргизилип жаткан маалыматтарга жана мыйзам бузууларды көрүп туруп Мамдирекциянын кызматкерлери эч нерсе кылбай жана эч бир чара көрүшкөн эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Финпол Бишкек — Ош автожолу мамдирекциясынын үч кызматкерин кармады