СММ: Бишкектеги кафе-ресторандарда көп киши чогулчу иш-чаралар өткөрүлбөшү керек

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Бишкектеги кафе-ресторандар ишин толук баштоосу үчүн уруксат сурап министрликке тынбай кат жолдоп жатканын айтты.

Бирок, Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал өтө чыңалып тургандыктан кайрылуулар азырынча канааттандырылбай турганын белгиледи.

«Ресторан, кафелерде куран окутуу сыяктуу киши көп келе турчу иш-чараларды өткөрүүгө уруксат сурап жатышат. Бирок 12-июнга карата Бишкек шаарында коронавирус жуктургандардын саны 610 кишиге жетти. Андыктан абал өтө чыңалып турат. Ошондуктан кафе-ресторандардын толук ишин жандантууга азырынча уруксат берилбейт», — деди Үсөнбаев.

Министрдин орун басары коомдук тамактануу жайларынын толук иш баштоосу эпидемиологиялык абалдан көз каранды экенин эскертти.

Үсөнбаев андан сырткары санитардык-карантиндик талап менен беткап режими дагы деле күчүндө экенин айтып, антисептиктерди колдонууга чакырды. Ошондой эле, социалдык аралыкты сактап, кишилер көп чогулган жайларга барбай турууну белгиледи.

Мындан бир күн мурун Бишкектеги «Кайнар» ресторанында экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов эжесине куран окуткан. Ага бир катар аткаминерлер менен депутаттар келгенин Kaktus.media жазган. Ресторандын администраторуна Бузуулар жөнүндөгү кодекстин 293-беренеси «Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу» боюнча 3 миң сом айып салынган. Аталган беренени бузган юридикалык жактарга 13 000 сом айып каралган.

Республикалык штабдын чечими менен 25-майдан тарта бир катар мекеме-ишканалар жумушун жанданткан. Алардын арасында коомдук тамактануу жайлары да бар, бирок ал жакта 50дөн ашык киши чогулбашы керек.

12-июнга карата Кыргызстан боюнча 2166 кишиге коронавирус жугуп, анын 1668и айыкты. Аймактар боюнча илдет жуккандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Нарын облусунда: 610 — 401.