Коронавирус жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкек менен Нарында болууда

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 12-июнга карата коронавирус дагы 37 адамдан табылганын маалымдашты — алардын алтоо медкызматкер.

COVID-19 Бишкекте шаарында 19 адамда аныкталды, алардын төртөө медкызматкер. Чүй облусунда илдет 11 адам жана эки медкызматкерден аныкталды. Ошондой эле, Баткен жана Ош облустарында экиден, Ош шаарында бир бейтап коронавируска чалдыкты.

Жаңы катталган учурлардын үчөө чет өлкөлөрдөн келген жарандардан табылган. Дагы 20 учур обсервацияда жаткан бейтаптардан аныкталган, ал эми 14 жаңы учурдун булагы белгисиз болууда.

Ушуну менен коронавирусту жуктуруп алган жарандардын саны 2166ка жетти — анын 425 медкызматкер. Өпкө илдетинен жалпысынан 1668 адам айыгып, жыйырма алты бейтап каза болду.

Коронавируска чалдыккандар Бишкекте эң көп, борбор калаада 610 адамдан COVID-19 аныкталды. Нарын облусу бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда келе жатат — 401 учур. Ош облусунда — 248, Ош шаарында — 245, Чүй облусунда — 185, Жалал-Абад облусунда — 174, Баткен облусунда — 35, Ысык-Көл облусунда — 25 жана Талас облусунда үч адам илдетке чалдыкты.

Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктардын арасында 240 адамда коронавирус аныкталды. Алар Бишкек, Ош жана Чүй облусундагы ооруканаларга жайгаштырылган.

Учурда ооруканаларда 472 адам дарыланып жатат. Алардын ичинде он бир бейтап оор абалда, бир жаран оорукананын жандандыруу бөлүмүндө. Кыргызстан боюнча обсервацияга 1693 адам алынды.

Коронавируска чалдыккандар менен карым-катнашта болгондордун саны 9272ни түздү. Акыркы сутка ичинде 2866 изилдөө жүргүзүлдү.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.