Милиция Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун төрт мүчөсүн кармады

Сүрөт: ШИИБ

Бишкек ШИИБинен Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун (УКТ) активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турган төрт адамдын кармалганын кабарлашты.

Алар курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүү жана акча опузалоого шектелип кармалышты. Буга чейин бир нече күн мурда милицияга бир киши кайрылып, ал кармалган адамдардын бири жазалоо менен коркутуп акча опузалаганын айтып берген. Бул факт бирдиктүү реестрге «Акча опузалоо» беренеси менен катталган.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында ШИИБ «Цапля» жана «Рина» деген ат менен таанымал болгон Көлбаевдин УКТсынын эки мүчөсүнүн изине чыгып, алар менен бирге дагы бир шектүүнү кармашкан.

ШИИБ бул иш менен бирге курал-жарактарды мыйзамсыз жүгүртүү тууралуу иштин үстүндө иш жүргүзүп, бул иш боюнча Көлбаевдин УКТсынын дагы бир мүчөсүн кармашкан. Ал адамда курал табылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Дубайда Камчы Көлбаевдин жана дагы 11 кыргызстандыктын мүлктөрү табылды. Эмнелер белгилүү?