Жуктуруу коркунучу жогору болгондуктан улгайган адамдардан обочодо калууну суранабыз — ССМ

«Өлкөдөгү, өзгөчө ири шаарлардагы эпидемиологиялык кырдаал чыңалган бойдон калууда», — деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Коронавирус жуктуруу коркунучу жогору болгондуктан, ал кыргызстандыктардан санитардык эрежелерге жакшы көңүл бурууну суранды.

«Ар бирибиз коюлган талаптарды аткарышыбыз керек. Чын эле коркунуч бар — дээрлик күн сайын оору жуктуруунун жаңы учурлары катталууда. Биз муну алдын алуу үчүн биз күч жумшашыбыз керек», — деп билдирди министрдин орун басары.

Ал улгайган жаштагы адамдарга кайрылып, алар көбүрөөк коркунучта экенин эскертти.

«Улуу муунду бул инфекциядан оолак кармашыбыз керек. Обочого кетүү чарасын көрөлү. Адамдар көп чогулган жерлерге барып кереги жок. Ооруканаларга кайрылган адамдар көп болууда. Мүмкүн болушунча үйдө болуңуздар», — деп ал балдарды жана неберелерди улгайган кыргызстандыктарга обочодо калууга жардамдашууну суранды.

13-майга карата, өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 2207 адамга жетти. Алардын ичинен 1722 адам айыгып, 27 адам каза болгон. Учурда инфекциядан 457 адам дарыланууда.