Бийлик пандемиядан улам жумушсуз калгандарга убактылуу жумуш сунуштады

Өкмөт коронавирустун пандемиясынан улам туруктуу кирешеден айрылган адамдарды колдоо маселеси сунушталган токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документке ылайык, өкмөт убактылуу жумуш үчүн төлөп берүүгө деп 200 млн сом бөлүүнү пландап жатат.

Жумуш ишке орноштуруу башкармалыгында жумушсуз катары катталгандарга, ошондой эле жумушсуздук боюнча жөлөк пул албай жаткан жарандарга берилиши мүмкүн.

Убактылуу жумуш катары өлкө бийлиги төмөнкүлөрдү сунуштап жатат:

  • мектеп, бала бакча, китепкана, медциналык мекемелерди, социалдык жактан коргоо, маданият жана спорт мекемелеринин имараттарын оңдоп-түзөө;
  • калкты каттоо, социологиялык изилдөөлөр;
  • социалдык-маданий багытындагы объекттерди реконструкциялоо: архитектура эстеликтерин, музейлерди, комплекстерди;
  • жерлерди жашылдандыруу жана абаттоо, токой чарбасын, эс алуу жана туризм аймактарын өнүктүрүү;
  • суу, газ, канализация түтүктөрүн жана башка коммуникацияларды калыбына келтирүү, жол жана көпүрөлөрдү оңдоо;
  • айыл чарба ирригациялык иштерин жана токой чарбасындагы иштерди жасоо.

Жободо жарандар мындай жумуштарга эки айдан ашык эмес убакытка жалданылат деп айтылат. Аткарылган иш үчүн жумушсуздарга 5 000 сом өлчөмүндөгү эмгек акысын төлөп берүүгө кепилдик берилет, ал эми жумуш берүүчү кошумча суммаларды төлөп берет.

Иллюстративдик сүрөт. Булагы: RFE / RL