Депутаттар жергиликтүү кеңеш менен парламенттик шайлоону бир убакта өткөрүүнү сунушташты

Депутаттар 18-июнда шайлоо кампаниясы менен жергиликтүү кеңешке жана парламентке депутаттарды шайлоону бириктирүүнү сунушташты.

Сунушту депутат Жыргалбек Турускулов киргизди. Ал муну өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал менен негиздеди. Ал БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабековадан канча каражат үнөмдөлөөрүн айтып берүүнү сурады.

Шайдлдабекованын айтымында, республикалык бюджетте парламенттик шайлоого 560 млн сом, ал эми жергиликтүү кеңешке — он эсе аз — 56 млн сом каралган.

«Жергиликтүү кеңештерге шайлоо процессининин 40 күнү өттү. 24 млн сом колдонулуп, алты млн сомуна келишимдер түзүлдү. Эгер жергиликтүү жана парламенттик шайлоо бир убакта өткөрүлсө каражат үнөмдөлүшү мүмкүн. Бирок мен шайлоо процессинин башка да маанилүү маселелери каралып эске алынышы керек деп эсептейм», — деди БШКнын төрайымы.

Жергиликтүү шайлоо жөнүндө мыйзамдын бешинчи беренесине ылайык, эгер жергиликтүү кеңештин депутаттарынын мөөнөтү 1-июндан 30-ноябрга чейинки мезгилге карата аяктаган учурда гана парламенттин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын бир күндө шайласа болот.

«Бирок жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктары апрелде бүткөн, ошондуктан баары апрелге даярдалып, өзгөчө кырдаалга байланыштуу токтотулган болчу. Бул башка укуктук кырдаал», — деди Шайлдабекова.

Ал мыйзамда өзгөчө кырдаал учурунда шайлоо өткөрүнүн тартиби жазылбаганын, бирок жергиликтүү жана парламенттик шайлоо кампанияларын бириктирүү маселесин эгер жарандардын саламаттыгына коркунуч жаралбагыдай болсо карап көрсө болоорун кошумчалады.

Депутат Марлен Маматалиев жергиликтүү кеңештер менен парламенттин депутаттарын шайлоону бириктирүү идеясын «эң туура» деп эсептейт, анткени бул шайлоочулардын арасында коронавирус жуктуруу тобокелин азайтат.

«Элди кайра-кайра чогултуп, кайра-кайра үгүттөп, анан кайра добуш берүүгө жөнөтүү муктаждыгы жоголот. Бул жерде маселе каражатты үнөмдөөдө эмес, эң башкысы — элибиздин коопсуздугу», — деп эсептейт депутат.

Жергиликтүү кеңешке шайлоо кампаниясы коронавирус пандемиясынан улам 23-мартта президенттин жарлыгы менен токтотулган. Ош жана Каракол шаардык кеңештерине, ошондой эле Кыргызстандын дээрлик бардык райондук кеңештерине шайлоо 12-апрелде өтүшү керек эле.

Парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын октябрь айына дайындалган.