Бир суткада коронавирустан 28 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Республикалык штаб 19-июнга карата бир сутка ичинде коронавирустан дагы 28 бейтап айыкканын кабарлады. Бишкек шаарынан жети, Ош жана Нарын облустарынан төрттөн, Чүй облусунан сегиз жана Ош шаарынан беш бейтаптын коронавируска кайрадан тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Ал эми өлкө боюнча таажы вирусунан арылгандардын саны 1961 кишини түзөт. Өпкөнү жабыркаткан оору 32 кишинин өмүрүн алды.

Учурда ооруканаларда 544 адам дарыланып жатат, алардын алтоо жандандыруу бөлүмүндө.