Милиция бийликти күч менен басып алууга чакырык таштады деп эки кишини издеп жатат

ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы 1-июлда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында элди митингге чыгууга үндөгөн аудио билдирүүнү WhatsApp аркылуу тараткан киши ким экенин аныктады. Ички иштер министрлигинин кабарлашынча, ал Балыкчыда 1981-жылы туулган Т.А. аттуу жаран. Учурда Чүй облусунда жашайт.

Анын аракеттери Жазык кодексинин «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси менен КЖБРге катталган.

Андан сырткары, ИИМдин аталган кызматы WhatsApp мессенджери аркылуу «Ак үйдү өрттөп эле ташташ керек болуп калды, тетиги жүз жыйырма депутат менен чогуу» деген аудио билдирүү тараткан кишини дагы аныктаган.

Ал учурда Москвада жашаган Базар-Коргон районунун 1988-жылы туулган М.Т. аттуу тургуну болуп чыкты. Ага дагы Жазык кодексинин «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» беренеси менен иш ачылып, КЖБРге катталган.

«Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тиешелүү соттук-лингвистикалык экспертизалар дайындалып, жогоруда көрсөтүлгөн жарандарды кармоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат», деп айтылат маалыматта.

Ошол эле маалда, ИИМ атайылап жалган маалыматтарды тараткандар Кыргызстандын мыйзамына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.