Видео: Өзгөндүн 19 жаштагы тургуну селкинчектен кулап түшүп каза тапты

Өзгөн шаарынын 19 жаштагы тургуну эс алуу жайларынын бириндеги селкинчектен кулап кетип каза тапты. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ОИИБинен билдиришти.

Кырсык болгон күнү тартылган тасмадан бир нече селкинчекте катуу ылдамдыкта эки адамдын ойноп жатканын көрүүгө болот. Бир аздан кийин эс алуучулардын бири кулап кеткен.

Мекеменин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, окуя 20-июнда саат түнкү он чамасында орун алган. Кырсыкка учураган Өзгөн шаарынын тургуну алган жараатынан улам Өзгөн райондук ооруканасында каза болгон.

«Маркумдун жакындары сөөктү экспертизага берүүдөн баш тартышты. Ал жерде коопсуздук курун тагышы керек беле, же дагы башка маселелер боюнча эс алуу жайынын ээсине атайын текшерүүлөрдүн жыйынтыгына жараша чара көрүлөт», – деди Аширбаев.