Жогорку Кеңештин эки депутаты жана үч кызматкери COVID-19га чалдыкты

Жогорку Кеңештин расмий сайтынан алынган сүрөт

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 22-июнда парламенттин айрым депутаттарында коронавирус аныкталганын кабарлады. Бирок министр алардын так санын жана аты-жөнүн айтуудан баш тартты.

Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу бул маалыматты тастыктап, эки депутатта жана парламенттин аппаратында иштеген үч кызматкеринде COVID-19 аныкталганын билдирди.

«Инфекция жуктурган депутаттар жана аппарат кызматкерлеринин ысымдарын атай албайбыз. Себеби, бул алардын жеке өзүнө тиешелүү маалыматы. Алардын айрымдары алыста жашаган туугандарын, ата-энелерин кабатыр кылгысы келбейт. Ооругандардын баардыгы обочолонгон», — деди Нуракун уулу.

Басма сөз катчы соңку кырдаал Жогорку Кеңештин ишине азырынча таасир этпешин кошумчады. Депутаттар жана парламенттик аппараттын кызматкерлери анализ тапшырып бүтө элек.

Буга чейин 19-июнда коронавирус Ибраим Нуракун уулунун өзүнөн табылган. Ал эми эл өкүлү Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин депутаттары коронавируска анализ тапшыраарын билдирген.

Эртеси күнү COVID-19 «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Бейшеналы Нурдиновдон аныкталганы белгилүү болгон — ал спикер Дастан Жумабековдон сырткары дээрлик бардык депутаттар менен карым-катнаш түзгөн.

Ал эми Спикер Жумабеков жана вице-спикер Аида Касымалиеванын коронавируска тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Бирок «24.kg» басылмасы 22-июнда коронавирус 5 эл өкүлүнөн аныкталганын жазды. Басылманын маалыматы боюнча, алар КСДП, «Өнүгүү-Прогресс» жана «Бир Бол» фракцияларынын депутаттары.