Батукаевдин иши: Индира Жолдубаевага 5 млн сом айып салынып, башкалары сот залынан бошотулду

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 23-июнда кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотууга байланыштуу кылмыш иши каралып бүттү.

Сотто мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, врач Абдухалим Раимжанов, ЖАМК башчысынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге акыркы сөз берилди. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев акыркы сөзүн сүйлөөдөн баш тартты, ага карата 11 жыл 2 ай эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо өкүмү чыгарылды.

Жолдубаева акыркы сөзүндө күнөөсүн мойнуна алган жок. Ошондой эле ал бул иш боюнча эч бир убайым жана кызмат албаганын белгиледи.

«Мамайыптоонун аргументтери — бул толугу менен айыптоо корутундусундагы цитаталар, ал тергөөчүлөр компьютер мышкасы менен кайсы бир чоочун айыптоодон көчүрүп алган аргументтер, ал жерде менин бул окуядагы ролум тууралуу анча-мынча да байланыштуу сүйлөмдөр жок», – деди ал.

Анын айтымында, тергөөнүн версиясында экс-судья Жапар Эрматов ага каршы көрсөтмө берген делгени менен тергөөдө аны тастыктаган бир дагы далил жок.

Судья Эмилбек Каипов Индира Жолдубаеваны 5 млн сом штрафка жыкты. Мурдараак мамлекеттик айыптоочулар ага 15 жыл эркинен ажыратуу жазасын чегерүүнү өтүнүшкөн.

Жолдубаева 2013-жылы Азиз Батукаев эркиндикке чыкканда президенттик аппараттын укук камсыздоо бөлүмүн жетектеп турган. Бул иш боюнча ага президенттик аппараттын бөлүмүн жетектеп турганда жасаган аракеттери үчүн айып тагылууда.

ЖАМК башчысынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев эки жылга эркинен ажырталды, бирок прокурорлор ага 13 жыл мөөнөттүк жаза сурашкан. Аны камакта кармоо мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу ал сот залынан коё берилди. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал Батукаевди колониядан «Манас» аэропортуна чейин узатып барган.

Врач гематолог Абдухалим Раимжанов да күнөөлүүдеп табылып, бирок кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү эскиргендиктен ага жаза чегерилген жок. Мамайыптоо аны дароо сот залынан камакка алып, ошондой эле эки үйүн мамлекеттин пайдасы үчүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Батукаевдин иши

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти 2019-жылдын жаз айларында кайра тергей баштаган. Кримтөбөл лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде бошотулган. Андан кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.

Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон.

Бул иш боюнча башка аткаминерлер да фигурант болуп өтүп жатышат. Алардын арасында ЖАМКтын экс-башчысы жана парламенттин учурдагы депутаты Зарылбек Рысалиев, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы саламаттык министри Динара Сагынбаева жана мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов бар.

ИИМ Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча Атамбаевди үч жолу суракка чакырган, бирок мурдагы президент тергөөчү менен жолугушуунун үчөөнө тең келбей койгон.

Натыйжада күч түзүмдөрү Атамбаевди күч менен кармашкан. Ал Кой-Таш айылындагы үйүндө эки күнгө созулган каршылык көрсөтүүдөн кийин колго түшүп берген. Атайын операция учурунда спецназдын бир кызматкери каза тапкан.

ТЕМА БОЮНЧА: Сот Батукаевдин иши боюнча Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды