Сот Батукаевдин иши боюнча Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды

23-июнда Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата аны 11 жыл 2 айга эркинен ажыратуу, анын мүлкүн конфискациялап, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу өкүмүн чыгарды. Судья Эмилбек Каипов мындай өкүмүн Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушунун айыбы боюнча угузду.

Сүрөт: Akipress басылмасы

Процесс жабык тартипте өттү. Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарёвдун айтымында, кардары акыркы сөзү менен чыгуудан баш тарткан.

«Мен тергөө жана мамайыптоочулар Атамбаевдин күнөөлүүлүгүн далилдей алышпаганын кошумчалап айттым. Шамил Атаханов, Аида Салянова жана Зарылбек Рысалиевдин көрсөтмөлөрүн далил катары келтирип жатышат, бирок алар коргоп жаткан адамымдын кайсы бир нерсе боюнча бетин ача тургудай көрсөтмө болуп эсептелбейт», — деди адвокат.

Анын айтымында, кызматташуу келишимин түзгөн иштин бир да фигуранты күнөөсүн мойнуна алган эмес.

«Алар өздөрүн күнөөлүү эсептебей жана менин коргоп жаткан адамымдын күнөөлүүлүгү тууралуу кандайдыр бир көрсөтмө беришкен жок дегендей болуп атат», деп белгиледи Слесарёв.

Адвокат билдиргендей, буга чейин мамлекеттик айыптоо соттон Атамбаевдин, анын бардык туугандарынын жана башка юридикалык адамдардын мүлктөрүн конфискациялоосун суранган, бирок эми конфискациялана тургандардын тизмесин кыскартууну өтүндү.

«Тактап айтканда күмөн санап калышты. Күнөө жок — конфискация жок», — деди ал.

Батукаевдин иши

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти 2019-жылдын жаз айларында кайра тергей баштаган. Кримтөбөл лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде бошотулган. Андан кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.

Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон.

Бул иш боюнча башка аткаминерлер да фигурант болуп өтүп жатышат. Алардын арасында ЖАМКтын экс-башчысы жана парламенттин учурдагы депутаты Зарылбек Рысалиев, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы саламаттык министри Динара Сагынбаева жана мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов бар.

ИИМ Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча Атамбаевди үч жолу суракка чакырган, бирок мурдагы президент тергөөчү менен жолугушуунун үчөөнө тең келбей койгон.

Натыйжада күч түзүмдөрү Атамбаевди күч менен кармашкан. Ал Кой-Таш айылындагы үйүндө эки күнгө созулган каршылык көрсөтүүдөн кийин колго түшүп берген. Атайын операция учурунда спецназдын бир кызматкери каза тапкан.